Рубрика "Слово ректора"

Ректор ОшГУ Кудайберди Кожобеков: «Повышение авторитета и значимости университета – одна из главных моих целей»

-Кудайберди Гапаралиевич, сөздү сиз ОшМУга келген күндөн баштасак. Алгачкы жолу окуу жайдын босогосун аттаганда ушинтип ректорлукка ат салышып калам деп ойлобосоңуз керек?

-«Ошто жашап, ОшМУ да окуп, ОшМУда иштегениме сыймыктанам» деген Ош мамлекеттик мамлекеттик университетинде эмгектенген агай-эжекелердин сыймыктуу сөзү бар. Мен да бул сөздөрдү сыймыктануу менен айткан, ушул куттуу окуу жайдан билим алган, эмгек жолун баштаган инсандардын биримин.

Бул билим уясынан канчалаган окумуштуулар билим алып, маңдай терин төгүп эмгектенип, университеттин жүгүн аркалап, кайсы мезгилдин тушунда болбосун окуу жайдын беделин, билим берүү сапатын, түйшүгүн көтөрүүгө эмгегин арнашкан. Менин да маңдайыма жазылып ушул окуу жайдан билим алдым, алгачкы эмгек жолумду ушул жерден баштадым, аз да болсо окуу жайыбыздын өнүгүшү үчүн чын дилден кызмат кылдым.

1997-жылдан 2017-жылга чейин ОшМУда лаборант, окутуучулуктан тартып университеттин окуу иштери боюнча проректору кызматтарын аркаладым. Ал эми 2017-жылдан Билим берүү жана илим министрлигинде эмгектендим. Албетте министрликте орун басарлык кызматты аркалоо менен учурдагы заман талабы болгон санариптештирүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, эл аралык долбоорлор менен иштөө сыяктуу багыттар боюнча бир топ иштердин турмушка ашуусуна аракеттерди жасадык.

Бүгүнкү күндө тездик менен өнүгүп, билим берүү, илим, тарбиялоо, жаңы инновацияларды киргизүү, эл аралык байланыштарды бекемдеп, инвестицияларды тартуу, жаңы структураларды ачып, заманбап окуу имараттарын, жатаканаларды салуу, республикада ЖОЖдордун сап башында туруп, дүйнөлүк рейтингдерге катышууга бел байлап жаткан окуу жайдын жетекчиси К.А.Исаков Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган соң, туурунан учурган, мени өстүрүп, таалим-тарбия берген «Данк» ордендүү Ош мамлекеттик университетине ректордун милдетин аткаруучу болуп келүү бир чети сыймык болсо, бир чети мен үчүн жоопкерчиликтүү болду.

Анткени Ош мамлекеттик университети өзүнүн тарых-таржымалы бар түптүү окуу жай. 80 жылдык тарыхында окуу жайды жетекчилик усулу жогору, уюштуруучулук жөндөмү, жеке инсандык сапаттары бар өзгөчө инсандар жетектеп келишти. Ошол инсандардын басып өткөн жолун улантуу, окуу жайдын кадыр-баркын түшүрбөй көтөрүү, беделин арттыруу учурда менин негизги максаттарымдан.

-Кудай буюруп, шайланып калсаңыз өзүңүз окуу жайга кандай алгылыктуу иштерди жасайм деп пландап жатасыз?

-Албетте, мунун баарын убакыт көрсөтөт. Ош мамлекеттик университети учурда «ОшМУ классикалык университеттен – изилдөөчү инновациялык университетке карай» деген ураандын астында 2024-жылга чейинки өнүктүрүү концепциясын кабыл алган. Концепцияга ылайык ОшМУ 2024-жылга чейин дүйнөдөгү 700 алдыңкы университеттердин катарына кирүүгө бел байлаган жана бул багытта системалуу иштер жүрүп жатат. Биринчиден бул иштерди улантууну колго аламын.

Аталган концепция 7 стратегиялык багыттан турат. Биринчи багыт «Окуу процессиндеги, билим берүүдөгү инновациялар» деп аталат. Андан кийин «Классикалык университеттен изилдөөчү университетке трансформациялоо», «Натыйжалуу башкаруу жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү», «ОшМУну эл аралык билим берүүнүн жана илимдин борборуна айландыруу», «Билим берүү жана илим инфраструктурасын өнүктүрүү», «Санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүү», «Адамгерчилик жана руханий тарбия, ден соолук жана спорт» жана «Концепцияны турмушка ашыруудагы күтүлүүчү тоскоолдуктар жана аны азайтуунун жолдору» берилген.

Ушул жылдын 4-февралында Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен жактырылып, кабыл алынган «Ош мамлекеттик университетин 2019-2024-жылдары өнүктүрүү концепциясы» толук кандуу ишке ашышы керек деп эсептеймин. Анткени концепция өз максатында жеткиликтүү аткарылса ОшМУ 2024-жылы дүйнөлүк университеттердин (ТОП-700) катарына кирет. Жамааттын биримдиги, ынтымагынын, колдоосунун негизинде ОшМУ биринчилерден болуп санариптик технологиялардын университетине айланат. Бүгүнкү замандын негизги талаптарынын бири болгон коопсуз университет түзүлөт. Экологиялык университет статусуна ээ болот. Социалдык жоопкерчиликтүү университетке айланат. Билимдин сапаты эл аралык стандарттарга дал келет. Ошондо биз билимдин сапатын баалоочу дүйнөлүк рейтингдерге катышып, өз позициябызды жогорулатабыз. Жоопкерчилик менен баарыбыз бир багытты көздөп, бир идеянын үстүнөн иш алып барсак университеттин бардык кафедраларынын өндүрүштө филиалдары ачылат. Эл аралык эмгек рыногунда ОшМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн кадыры көтөрүлөт, кош диплом берүүнүн масштабы кеңейет. ОшМУга студенттердин, ата-энелердин, өнөктөштөрдүн ишеними артат, инвестициялардын көлөмү көбөйөт. Анын негизинде окутуучу, кызматкерлердин айлык акысы азыркыдан 2 эсеге жогорулайт.

Албетте, бул иштерди системалуу ишке ашуусуна коллективдин эмгеги чоң болот. Биздин жамааттын бул ийгиликтерди багынтуусуна толук ишеним билдире аламын.

-Инвестиция тартууда кандай тажрыйбаларыңыз бар? Кайсыл өлкө менен көбүрөөк иштешесиздер?

-Эң алгач окуу маалымат департаментин жетектеп турганда USAIDдин

колдоосу менен көз карандысыз тестирлөө борборлорун түзүү жана абитуриенттерди кабыл алууну автоматташтыруу максатында 100 000 АКШ доллары менен грант алууга кошкон салымым эске түштү. Албетте, инвестиция тартуу үчүн долбоорду жазууну улантып, мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтебиз. Буга чейинки жасалган иштердин, бөлүнгөн каражатты сарамжалдуу, максаттуу пайдалануу аркылуу ОшМУ инвесторлордун ишенимдүү өнөктөшү боло алды. Бул ишенимди мындан ары дагы бекемдейбиз деген ишеничтемин. Акыркы эле Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен университетке орто кесиптик билим берүүнү реформалоо боюнча 2 млн АКШ долларында грант тартылды.

Албетте, Ош мамлекеттик университети бүгүн дүйнөдөгү 33 алыскы чет өлкөлөрдөгү 196 университет менен келишимдерди түзүп, тыгыз кызматташтыкта иш жүргүзүп келе жатат. Бул багытта да байланыштарыбызды мындан ары өркүндөтөбүз. Ошол эле учурда Россия, Түркия, Чехия, Испания, Германия, Индия, Кытай, Малазия жана башка өлкөлөр менен кызматташтыктарыбызды бекемдеп, биргелешкен долбоор менен иштөөнү улантабыз. Ушул айда ОшМУга Испаниянын Кадис университетинен, Чехиянын Батыш Чех университетинин ректорлору атайын иш сапары келе жатышат. Бул университетке болгон ишеним, биз ошол ишенимди андан ары бекемдеп, өнүктүрүүбүз керек.

-Баардык окуу жайлардан ай ыр маланып окутуучулардын айлыгын дагы көтөрүптүрсүздөр, каражат кайдан келүүдө? Дагы көбөйөбү?

- Ош мамлекеттик университети республикадагы жогорку окуу жайлардын ичинен айлык акылардын жогорулугу менен да алдыда келе жатат. Анткени окуу жайдын бюджетин сарамжалдуу иштетүү, ыксыз чыгымдарды азайтуу, эл аралык байланыштарды жөнгө салып, алыскы жана жакынкы чет өлкөлүк студенттерди тартуунун натыйжасында окутуучулардын, кызматкерлердин айлыгы 8 жыл аралыгында ырааттуу түрдө жогорулап келе жатат. Бул саамалыкты быйыл да улантып окутуучуларга ар тараптан кам көрүү, стимул берүү максатында 2019-2020-окуу жылынын октябрь айынан тарта 1 ставка айлык алган окутуучуларга эки жарым миңден үч миңге чейин кошумча акы кошулду. Алдыда ак эмгеги, ак мээнети үчүн окутуучуларыбызга колдоолор улана берет.

-Окуу жайыңыздарды бүткөн студенттердин канчасы иш менен камсыз болот деп ишенимдүү айта аласыз?

-Бүтүрүүчүлөр боюнча университетте Карьера борбору иш алып барат жана бул жерде бүтүрүүчүлөрүбүз тууралуу маалыматтар базасы бар. Учурда атайын бүтүрүүчүлөрдын ассоциациясы түзүлүп, үзгүлтүксүз байланышты камсыздоо үчүн сайт иштелип чыккан. Ал ассоциацияда бүтүрүүчүлөр катталып, университет менен бүтүрүүчүлөрүбүздүн байланышы бекемделүүдө.

Жалпы университет боюнча алсак, бүтүрүүчүлөрүбүздөн 70% ашууну иш менен камсыз болушкан. Ал эми бюджеттик негизде педагогикалык багытта окуусун аяктаган бүтүрүүчүлөрүбүз жыл сайын 95% жогору ишке орношушат.

Учурда бүтүрүүчүлөрдүн өзүнүн ишке жайгашуусун күтүп отурбай Карьера борбору ар кандай бей өкмөт уюмдар менен жана жеке менчик иш-каналар менен биргеликте бүтүрүүчүлөрдү стажировкадан өткөрүп ишке жайгаштырууга көмөктөшкөн бир нече прогроммалар менен иш алып барат. Алардын бирөөсү эле азыркы учурда ОшМУ БУУ менен биргеликте мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда бүтүрүүчүлөрдү стажировкадан өткөрүү долбоорунун негизинде 22 бүтүрүүчүнү 4 айлык стажировкага жөнөтүшкөн. Алар ай сайын 4100 сом өлчөмүндө долбоордун эсебиндеги акча каражатынан стипендия алышат. Аягында өзүнүн артыкчылыктарын көрсөткөн бүтүрүүчүлөрүбүзгө сертификат берилип, стажировка өтөгөн жеринде жумушка жайгашууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бүтүрүүчүлөрдү рыноктун заманбап талаптарына ылайыктап даярдоо, алардын ишке орношуусун практикага чыккан мезгилде колго алуу аркылуу 100% бүтүрүүчүлөрдүн кесиби боюнча ишке орношуусуна шарт түзүү негизги приоритеттүү багыттардын бири болот.

Билим берүүнүн сапатын жогорулатып, окутуунун натыйжасын иш берүүчүлөрдүн талаптарына толук шайкеш келтирүү максатында иш алып барабыз.

Даярдалып жаткан бардык программаларды эл аралык деңгээлде таанылган көз карандысыз аккредитациялык агеттиктерден аккредитациядан өткөрүү аркылуу бүтүрүүчүлөрүбүздүн эл аралык рынокто ишке орношуусуна шарт түзөбүз.

-Кошумча имараттарды салдырып жаткансыздар, эгер Кудай буюруп ректор болуп калсаңыз бул саамалык уланабы?

-Буга чейин университти жетектеп келген Каныбек Абдуваситовичтин демилгеси менен 12 жаңы окуу имарат, 2 клиника, 1 студенттик жатакана, жаңы спорттук комплексти университеттин ички каражатынын эсебинен жана тартылган инвестициялардын эсебинен курулуп, пайдаланууга берилип иштеп жатат. Ошондой эле жакынкы аралыкка пландалган окуу имараттарынын, спорт комплекстеринин курулуш иштери уланууда. 7-октябрда биз жамаат менен биргеликте Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окуу имаратына капсула салдык.

Мындан ары да университетибиздин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окуу имараттарында жана жатаканаларда окутуучулар, студенттер үчүн шарттар түзүлө берет.

Жакынкы аралыкта университетибизде “Билим” лицейине 3 кабаттуу окуу имараты, Медицина факультетинин 5 кабаттуу окуу имараты, Эл аралык медицина факультетинин 2 кабаттуу 2 имараты, Индустриалдык-педагогикалык колледжинин 3 кабаттуу имараттары курулат.

Бул иштерибиз токтоп калбайт, ырааттуу түрдө улана бермекчи.

-Агай, учурда окуу акысынын кымбаттыгынан айрым колунда жоктордун балдары окуй албай калышууда. Муну менен кантип күрөшсөк болот? Чындап эле акыркы учурларда бул чоң көйгөйгө айланып бара жатат.

- ОшМУда окуп, билим алып жатышкан айрым категориядагы студенттерге жеңилдик берүү боюнча атайын түзүлгөн комиссия иш алып барышат. Мисалы, жобого ылайык, ата-энесинин экөөсү тең жок (тоголок жетим) же ата-энесинин бирөөсү жок болсо (жарым жетим), ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген болсо (I-II группадагыларга) же ата-энесинин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген болсо, бир үй-бүлөдөн үч бир тууган окуп, үчөөсү тең келишимдик негизде болсо бирөөсүнө, көп балалуу үй-бүлөлөргө, Республикалык жана эл аралык деңгээлдеги спорттун чеберлерине ж.б. жеңилдиктер берилет. Жалпылап айтканда университет жылына 5-7 млн сомго чейин келишимдик акыдан бошотууга каражат бөлүп келет.

Университет Кесиптик кошун менен биргеликте студенттерге ар тараптуу жеңилдик берүү багытында иштерди алып барат. Жалпылап айтканда социалдык коргоого муктаж студенттерди материалдык жана моралдык жактан үзгүлтүксүз колдоого алууну улантабыз.

-Көп улуттун өкүлдөрү окушат эмеспи, башка өлкөнүн студенттерине кандай жеңилдиктер каралган?

- Ошондой эле ОшМУда алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келип билим алып жатышкан студенттер бар. Аларга төмөндөгүдөй социалдык колдоолор жана жеңилдиктер каралган:

1. Эгер студент башка өлкөнүн жараны болуп, этникалык кыргыз болсо анда ал Кыргызстандыктар сыяктуу эле келишимдик акы төлөйт;

2. Студенттер жатакана менен камсыздалат;

3. Студенттик профилакторийге жолдомо берилет;

4. ОшМУнун медициналык клиникасынан акысыз медициналык кароодон өтөт жана дарыланат;

5. Ден соолугун чыңдоо үчүн Ысык-Көлдөгү “Үмүт” пансионатына жолдомолор берилет.

Учурда алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген студенттер менен укуктук жактан иш алып баруу, өлкөбүздөн мыйзам талаптарын түшүндүрүү багытында атайын юрист иш алып барат.

-Дагы он жылдан кийин университетти кандай акыбалда элестетесиз?

- Элибизде “Жакшы тилек- жарым ырыс” деген жакшы сөз

бар. Антыктан 10 жылдан кийин Ош мамлекеттик университети Борбордук Азияда эмес, дүйнөлүк алдынкы университеттердин рейтингинде өз орду бар университетке айланат. Анткени учурдагы университеттин багыты ошондой. Алдыга койгон максаттарыбызга күн сайын кадам таштап жакындап отурсак ошол жыйынтыкка жетебиз. Университеттин өнүктүрүү концепциясында айтылгандай “Санариптик технологиялардын университетине” айланат, “Коопсуз университет” түзүлөт, “Экологиялык университет” статусуна ээ болот, “Социалдык жоопкерчиликтүү” университетке айланат, билимдин сапаты эл аралык стандарттарга дал келет, билимдин сапатын баалоочу дүйнөлүк рейтингдерге катышып, өз позициясын жогорулатат.

Бул иштердин турмушка ашышына интеллектуалдык-профессионалдык деңгээли өтө жогору, ар бири өзүнчө уникалдуу, ар бири кайталангыс мүнөзгө ээ инсандар жамаатыбыздын ар бир мүчөсү салым кошот деп ишенем.

Маектешкен: Баяна Кулова, “Де-факто” гезити, №40, 11-октябрь, 2019-жыл

3471 10:24 03-12-2019

                 

Рубрика "Слово ректора"

|< 1 2 3 4 >|