Жанылыктар

Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуу усулу кафедрасынын «Илим күнүнүн» өткөрүлүшү
ОшМУнун “Илим жумалыгынын” алкагында өткөн Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуу усулу кафедрасынын «Илим күнү» 2015-жылдын 24-апрелинде өткөрүлдү. Иш-чараны бул жылы өткөрүү бир топ өзгөчөлүктөргө ээ болду. Алгач жалпы факультеттик масштабта саат 12.00 до “Гүл майрамы” уюштурулуп, студенттердин, магистрлердин күчү менен даярдалган көргөзмө- жарманке уюштурулду. Өстүрүлгөн гүл көчөттөрү жалпы эле каалоочуларга сунушталды, белгилүү бир бөлүгү сатыкка коюлду. Саат 13.00 дө студенттердин илимий –изилдөө иштеринин жыйынтыгынын кереге-билдирүүлөрү (стендовые доклады) уюштурулуп, аларды факультеттик белгилүү адистерден куралган комиссия баалады. Бул ишке активдүү катышкан 3-5-курстун 10 дон ашуун студенттеринин иштери бааланды. Алардан кийин кафедрадагы окушкан магистрлердин билдирүүлөрү уюштурулду. Белгилей кетүүчү нерсе, магистрлердин темалары ар тараптуулугу, койгон маселелеринин актуалдуулугу менен бир топ жогорку деңгээлде экендиги байкалды. «Илим күнүнүн» негизги бөлүгүн окутуучу-профессордук курамдын илимий билдирүүлөрү ээледи. Бул күнү алардын 10 дон ашуун докладдары угулду. «Илим күнүнүн» аягында студенттердин күчү менен даярдалган Брейн-ринг өттү. Илим күнүнө катышкан факультеттин өкүлдөрү иш-чаранын өзгөчөлүгүн, анын эффективдүү болгондугун белгилешти жана өз ойлорун сунуштарын беришти. Аягында сапаттуу илимий изилдөө иштери факультеттин жеңүүчүлөрүнүн катарында сыйлыктарга сунуштала турган болду.


2854 10:03 25-04-2015

                 

Жанылыктар

|< 1 >|