Жанылыктар

Ботаника, ЖБД жана БОУ кафедрасында окуу талаа практикасы боюнча конференция

Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасында 2016-жылдын 9-июнь күнү биология, химия-биология адистиктеринин 1-курсунун студенттеринин “Өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы”, ал эми 2-курсунун студенттеринин “Өсүмдүктөрдүн систематикасы” предметтери боюнча окуу талаа практикаларынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. 1-курстун студенттери 30-майдан 4-июнга чейин “Кара-Шоро” мамлекеттик жаратылыш паркында, ал эми 2-курстун студенттери “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркында болуп келишкен. Бүгүнкү жыйынтыктоочу конференцияга кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышышты. Студенттер практиканын жүрүшү боюнча доклад жасашты жана өздөрү жыйнап келген гербарий материалдары менен тааныштырышып, аткарган иштери боюнча отчет беришти. Жыйынтыгында кафедранын гербарийдик фондуна жалпы саны 400 гө жакын гербарийлер тапшырылды.
3705 20:35 09-06-2016

                 

Жанылыктар

|< 1 >|