Жанылыктар

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу!


ОшМУнун магистратура департаментинин директору э.и.к., доцент Э.Т. Камалов кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы, профессор С. Момуналиев менен биргеликте факультеттин 5-курстарынын студенттери менен кесипке багыт берүү иштеринин алкагында жолугушту.
Иш-чара учурунда департаменттин директору магистрдик даражанын азыркы коомдогу орду жөнүндө кеңири түшүнүктөрдү берип, Ош МУнун магистратурасына тапшыруу эрежелери, окуу процесси жана башка багыттар боюнча студенттердин берген суроолоруна жооп берди.
Жолугушууга факультеттин А-1-10, Б-2-10, У-1-10 тайпаларынын студенттери катышып, университеттин жетекчилигинин ааламдашуу доорунда дүйнөлүк бирдиктүү билим берүү мейкиндигине кошулуудагы активдүү иш-аракеттерине ыраазычылык билдиришти.














3161 18:01 25-03-2015

                 

Жанылыктар

|< 2 3 4 5 6 >|