Жанылыктар

Чет тилдер факультетинин бүтүрүүчүлөрү магистратура жөнүндө маалымат алышты!

2015-жылдын 25-март күнү ОшМУнун магистратура департаментинин директору э.и.к., доцент Э.Т. Камалов жана чет тилдер факультетинин деканы, ф.и.к., доцент С. Калыгулова кесипке багыт берүү иштеринин алкагында факультеттин 5-курсунун студенттери менен жолугушту. Жолугушуу учурунда департаменттин директору магистрдик даражанын азыркы коомдогу орду, эл аралык программалар жана Ош МУдагы жетишкендиктер жөнүндө кеңири маалыматтарды берди. Студенттер Ош МУнун магистратурасына тапшыруу эрежелери, окуу процесси, келечеги жана башка багыттар боюнча суроолоруна жооп алышты. Иш-чара жылуу маанайда өтүп, катышкан студенттер университеттеги жасалып жаткан алгылыктуу иштерди баса белгилешип, университеттин жетекчилигинин ааламдашуу доорунда дүйнөлүк бирдиктүү билим берүү мейкиндигине кошулуудагы активдүү иш-аракеттерине ыраазычылык билдиришти. Ушундай эле жолугушуу кечки бөлүмдө окуган студенттер үчүн да мерчемделүүдө.











3034 18:25 25-03-2015

                 

Жанылыктар

|< 2 3 4 5 6 >|