ОшМУ үч баскычтуу билим берүүгө (бакалавриат, магистратура, PhD докторантура) укук алган республикадагы 3 мамлекеттик университеттин курамына кошулуп, бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы билим берүүнү, илимдин жана маданияттын жалпыга таанымал борборуна айланды.
Учурда университетте 40тан ашуун багыт боюнча магистрдик программалар бар жана бул тизме жылдан жылга өсүүдө.