Жанылыктар

Ош МУнун магистратура департаменти иш сапары менен Аксы районунда!

Ош МУнун магистратура департаментинин жетекчилигинде “Бизнес жана менеджмент” факультетинин магистратура башчысы Жоробаева Мукаддас Аксы райондук билим берүү башкармалыгында жана Аксы райондук Ныязаалы атындагы музыкалык мектепте болуп, райондун билим берүү кызматкерлери жана мугалимдери менен жолугуп кайтты. Жолугушуу учурунда агай-эжекелер учурдагы жаңы окутуу системасында магистратуранын ээлеген орду жөнүндө талкуулашты. Учурдагы ааламдашуу процесстериндеги билим берүүнүн келечеги бирдиктүү билим берүү мейкиндигине кошулуудан көз каранды экендиги баса белгиленип, үч баскычтуу билим берүүнүн экинчи деңгээли болгон магистратурага тапшыруу маселелери каралды. ОшМУ үч баскычтуу билим берүүгө (бакалавриат, магистратура, PhD докторантура) укук алган республикадагы 3 мамлекеттик университеттин курамына кошулуп, бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы билим берүүнү, илимдин жана маданияттын жалпыга таанымал борборуна айланды. Учурда университетте 40тан ашуун багыт боюнча магистрдик программалар бар жана бул тизме жылдан жылга өсүүдө.
7277 09:41 25-06-2014

                 

Жанылыктар

|< 2 3 4 5 6 >|