Жанылыктар

“Кыргыз Республикасынын конституциялык өнүгүүсү: көйгөйлөрү жана келечеги” аттуу илимий-практикалык конференция

Ош мамлекеттик университетинде апрель айында жыл сайын салтка айланган илимий жумалык өтүп келет. Бул багытта 2024-жылдын 29-апрелинде Юридика факультетинин «Мамлекеттин, укуктун теориясы жана тарыхы» кафедрасы “Кыргыз Республикасынын конституциялык өнүгүүсү: көйгөйлөрү жана келечеги” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияны ачуу жана куттуктоо сөздү Юридика факультетинин деканы, ю.и.д., профессор Г.К. Кулдышева, Мамлекеттин, укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын кафедра башчысы ю.и.к., доцент М.Б. Татенов сүйлөдү. Кондеренцияда төмөнкү студенттер доклат окушту. ЮР(б)-3-21 тайпасынын студенти Торобекова Айзат Каныбаевна «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жалпы түшүнүгү». Илимий жетекчиси: МУТжТ каф. улук окутуучусу Асанова У. ЮР(б)-5-23 тайпасынын студенти Эргешова Сайкал «Кыргызстанда парламентаризимдин калыптануусу». Илимий жетекчиси: МУТжТ каф.ю.и.к. Жолдошев М. ЮР(б)-8-21 тайпасынын студенти Каламбекова Калбү «Кыргыз ССРнин1937-жылдагы конституциясынын кабыл алышы (тарыхый-укуктук анализ) ». Илимий жетекчиси: МУТжТ каф.т.и.к. Токтакун к. Г. ЮР(б)-3-23 тайпасынын студенти Тыныбек кызы Айжамал “Проблемы функционирование правового государства”. Илимий жетекчиси МУТжТ каф ю.и.к., доцент Кольсариева Н.Ш. ЮР(б)-6-23 тайпасынын студенти Аскаров Баймырза “Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган адам укуктары жана эркиндиктери”. Илимий жетекчиси МУТжТ каф ю.и.к., доцент Минбаев С. ЮР(б)-6-23 тайпасынын студенти Курбанов Кылыч “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору”. Илимий жетекчиси МУТжТ каф ю.и.к., доцент Минбаев С. ЮР(б)-6-23 тайпасынын студенти Алпамыш кызы Тынара “Кыргыз Республикасынын жогорку соту”. Илимий жетекчиси МУТжТ каф ю.и.к., доцент Минбаев С. Конференциянын аягында студенттер менен такуу болду.
81 03:09 07-05-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|