Жанылыктар

“Жибек-жолу марафону-2024”

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата Ош шаарында “Жибек-жолу марафону-2024” массалык чуркоо жарышы өттү. Массалык чуркоого Кыргызстандын бардык аймагынан, Казакстан, Өзбекстандан спортчулар, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, мектеп окуучулары катышты. Бул массалык чуркоого юридика факультетинин деканы Кулдышева Гулсара Кенжеевна баш болуп жана эжеке агайларыбыз дагы активдүү катышып медаль жана дипломдор менен сыйланып кайтышты. Марафонго 1000ден ашуун жаран катышты. Жарыштын алкагында катышуучулар 14+, 45+, 55+ категориялары боюнча 3, 5 жана 10 чакырым аралыкка чуркашты. Бардык катышуучулар алдын-ала каттоодон өтүп, ар бири катар номер алышкан. “Мындай массалык чуркоону камтыган марафон ОшМУнун тарыхында алгачкы жолу өтүп жатат.
85 03:20 07-05-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|