Жанылыктар

НООРУЗ - ҮМҮТ-ТИЛЕКТЕРДИН МАЙРАМЫ.

20 - март күнү ОшМУнун «Зирек» БББда “Нооруз – 2019” майрамы өзгөчө шаң менен белгиленди. Майрамдык иш - чара 1, 2, 3 жана 4- класстар арасында өткөрүлдү. Майрамдык иш - чара мектеп мугалимдери жана окуучулары тарабынан уюштурулган концерттик программа менен башталды. Умай Эне арча түтөтүп аластап, концерт ыр, бий, манас айтуу ж.б. номерлер менен коштолду. Концерттик программада бир гана ыр, бийлер камтылбастан, кыргыз элинин каада-салты, үрп-адатына ылайык ар кандай оюн зооктор жана чакан көргөзмөлөр уюштурулду. Майрамдык иш-чаранын экинчи бөлүгүн, улуттук оюндар боюнча класстар аралык таймаш камтыды. Окуучуларыбыз тогуз коргоол, аркан тарташ, кол күрөш, күрөш, Ордо, ж.б. улуттук оюндарда күч сынашты. Тамак – аш жана улуттук оюндар боюнча уюштурулган жарманкеге ар бир класс активдүү катышты. Жыйынтыгында, ар бир класска номинациялар ыйгарылып, мактоо баракчалары тапшырылды. Мектеп тарабынан уюштурулган иш чаранын эң негизги максаттарынын бири бул - улуттук баалуулуктарды, салт - санааларды жана үр - адаттарды жаңы муунга мектеп босогосунан үйрөтүү жана окуучуларда патриоттук жоопкерчиликти тарбиялоо.
1891 10:40 23-03-2019

                 

Жанылыктар

|< 3 4 5 6 7 >|