Жанылыктар

Жолдо жүрсөң сак бол, эрежеге так бол!

ОшМУнун “Ыйман” гимназиясында 9-Б класс окуучулары тарабынан “Жолдо жүрсөң сак бол, эрежеге так бол” аттуу чара болуп өттү. Иш чаранын максаты - окуучуларды жол эрежелерин так билүүгө, жолдо жүргөндө өзүнө сак болууга үйрөтүү. Класс “Жаш инспектор” жана “Жол чырак” тайпаларына бөлүнүп күч сынашты. Таймаштын жүрүшүндө окуучулар жол эрежелери боюнча кенен маалымат ала алышты жана берилген тапшырмаларды тайпалар кызыгуу менен аткарып жатышты. Иш чарада окуучулар атайын макеттерди жасашып, жол эрежелерин бузуудагы терс көрүнүштөрдү көрсөтүп, аткарып беришти. Жыйынтыгында 109 упай менен “Жаш инспектор” командасы жеңишке жетип диплом жана баалуу белектер менен сыйланды.
1343 12:09 23-04-2019

                 

Жанылыктар

|< 3 4 5 6 7 >|