Жанылыктар

ошМУнун Мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү институтунун алгачкы угуучуларына сертификат тапшырылды

ОшМУнун мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү институтунун алгачкы 26 угуучусу 12-октябрдан 24-октябрга чейин 84 сааттык окуу курсун ийгиликтүү аяктап, квалификациясын жогорулатты деген сертификатка ээ болушту.белгилей кетсек окуу курсу математика, Кыргыз тили жана адабияты багыттары боюнча жүргүзүлүп, угуучулар окутуунун жаңы усулдарын өздөштүрүп, педагогика жана психология, компютердик сабаттуулук, окуучуларды ЖРТга даярдоо маселелери боюнча билимдерин өркүндөтүштү. Мугалимдер "Адис" окуу борборунун жана "Билим" лицейинин практикалык сабактарына катышышып, тажрыйба алмашышты.
3639 10:50 03-11-2015

                 

Жанылыктар

|< 4 5 6 7 8 >|