Жанылыктар

Мектеп мугалимдери Физика багыты боюнча квалификациясын жогорулатышты

ОшМУнун Мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү институтунда Физика багыты боюнча 19-октябрдан 31-октябрга чейин 12 күндүк окуу курсу өткөрүлдү. Угуучулар атайын лабораторияларда сабак окушуп, физика предметин окутуунун жаңы усулдарын үйрөнүү менен бирге компютердик технологияларды колдонууну, окуучуларды ЖРТга даярдоо маселелерин өздөштүрүштү. Окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун жана жөндөмдүүлүн арттыруу учун психология жана педагогика сабактарына катышышты.Курстун аягында квалификациясы жогорулады деген сертификатка ээ болушту.
4324 11:37 03-11-2015

                 

Жанылыктар

|< 4 5 6 7 8 >|