Жанылыктар

09.02.2024 ЖОЖдор ортосундагы тажрыйба алмашуу

2024-жылдын 9-февралында ЖОЖдор ортосундагы тажрыйба алмашуу иш сапарынын алкагында Петрозаводск мамлекеттик университетинин РКТ кафедрасынын башчысы А.А.Котов ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинде болуп, студенттер жана СГД кафедрасынын окутуучулары менен жолугушту. Университеттин доценти чет өлкөлүк студенттерге орус тилин окутуунун өзгөчөлүктөрү, проблемалары жана перспективалары жөнүндө маектешти. Жолугушуунун аягында ал эки бөлүктөн турган «Заманбап орус тилинин лексикологиясы» аттуу электрондук китебинин компакт-дискинин презентациясын тапшырды. Жолугушуу абдан жылуу, достук маанайда өттү.
397 07:24 13-02-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|