Жанылыктар

29.03.2024 Сыйлыгыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

2024-жылдын 29-мартында Ош мамлекеттик университети 85 жылдык мааракеси дагы бир чоң салтанат менен белгиленди. Университеттин башкы имаратында чет элдик студенттер арасында «Жазым, жаштыгым, Ошум» аттуу фестиваль болуп өттү. Иш-чаранын мыкты уюштурулушу жана катышуучулардын түркүн түстүү, жаркыраган кийимдери фестивалдын конокторун жана көрүүчүлөрдү кубандырып, шаңга бөлөдү. Катышуучулардын чыгармачылыгы көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланып, дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алып жана узатып жатышты. Бул иш-чараны уюштурууда СГД кафедрасынын окутуучуларынын ролу чоң. Чет элдик студенттердин өзгөчө жөндөмдүүлүктөрүн көрө билүүдө жана андан ары шыктандырууда алардын талыкпаган эмгеги, дилгирлиги жана өз ишине берилгендиги себеп болгон. Иш-чаранын аягында улук окутуучу Кенжебайова Айчүрөк Бекболотовна өзгөчө белгиленди. ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору М.С.Шарипова тарабынан үзүрлүү эмгеги жана студенттерди тарбиялоодо кошкон зор жеке салымы үчүн ыраазычылык каты тапшырылды. Урматтуу Айчүрөк Бекболотовна, сизди сыйлыгыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздин эмгегиңиз университетибиздин келечегине кошкон баа жеткис салым деп билебиз. Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана мындан аркы ийгиликтерди, жаңы кесиптик жетишкендиктерди каалайбыз!
132 03:06 01-04-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|