Жанылыктар

16.04.2024«Медицинадагы философия» деген темадагы илимий конференция

2024-жылдын 16-апрелинде университеттеги Илим жумалыгынын алкагында социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасында илим боюнча жооптуу У. Ы. Аскаров жана улук окутуучу Б.У. Адылбекованын жетекчилиги менен эл аралык медицина факультетинин студенттеринин арасында «Медицинадагы философия» деген темадагы илимий конференция болуп өттү. Конференциянын жүрүшүндө 27 студент философиянын ар кандай темалары боюнча баяндамаларды жасашты. Катышуучулар окулган баяндамаларга кызыктуу суроо, ой-пикирлерин билдиришип, конференция абдан кызыктуу жана жандуу өттү. Бардык баяндамачыларга Илим жумалыгынын иш-чараларынын жыйынтыгында факультеттин сертификаттары ыйгарылат.
187 10:20 16-04-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|