Жанылыктар

29.03.2024 "Жазым, жаштыгым, Ошум" аттуу чет элдик студенттердин арасындагы фестиваль

2024-жылдын 29-мартында ОшМУнун башкы корпусунун чоң залында эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы тарабынан ОшМУнун 85 жылдык юбилейине карата уюштурулган "Жазым, жаштыгым, Ошум" аттуу чет элдик студенттердин арасындагы фестиваль болуп өттү. Фестивалдын жүрүшүндө студенттер: "Ошто жашап, ОшМУда окуп жатканыма сыймыктанам",- деп айтып өтүшкөндөй, эки элдин ортосундагы достук, маданий, илимий байланыштардын мындан ары да чыңала береринин далили катары, өздөрүнүн мыкты даярдыктарын көрсөтө алышты. Студенттердин аткаруусундагы ыр, бий, көркөм окуулар көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, фестиваль көңүлдүү өттү.
226 03:39 30-03-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|