Жанылыктар

29.04.2024. "Жасалма Акыл Платформаларын колдонуу" аттуу илимий, окуу-усулдук семинар

Акбар кызы Эркайым, Салиева Динара Online University тарабынан уюштурулган Билим берүүдө "Жасалма Акыл Платформаларын колдонуу" темасындагы 72саатык квалификация курсун ийгиликтүү аяктап, жыйынтыгында СГД кафедрасынын окутуучуларына Жасалма Акыл платформаларын жайылтуу максатында илимий,окуу-усулдук семинар өтүп беришти. Семинарда колдонулган платформалар «OpenAi», «Perplexity», «Chat GPT» окутуучулардын окуу процессинде предметтик силлабустарды түзүүсүнө, илимий макалаларды жазуусуна, ошондой эле илимий изилдөө иштеринде кандидаттык –диссертациялык иштерин жазууга женилдиктердин пайда болуусуна өбөлгө түзөт. Семинар окутуучулар тарабынан кызуу талкууга алынып, анын жемиштүү болгонун айтышты. Ар бир катышуучу уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти
159 04:02 30-04-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|