Жанылыктар

Кесиптик-базалык практика боюнча жыйынтыктоочу конференция

2023-жылдын 17-апрелинде ОшМУнун орус филологиясы факультетинде орус тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын окутуучулары тарабынан 3-курстун РЛ(б)-1-21, РЛ(б)-2-21, РЛ(б)-3-21 тайпаларынын студенттери үчүн кесиптик-базалык практика боюнча жыйынтыктоочу конференция өткөрүлдү. Конференциянын башталышында орус филологиясы факультетинин деканы профессор Мадмарова Г.А. менен орус тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы профессор Бекмухамедова Н.Х. куттуктоо сөздөрү менен чыгып сүйлөштү. 3-курстун студенттери өткөн практикадан алган таасирлер менен бөлүшүштү. Сабактардын фрагменттери менен сабактан тышкаркы иш-чараларды чагылдырган презентациялар демонстрацияланды.
270 05:35 20-04-2023

                 

Жанылыктар

|< 3 4 5 6 7 >|