Жанылыктар

2023-жылдын 25-апрелинде ОшМУнун орус филологиясы факультетинде «Этномаданий мейкиндиктеги филологиялык билим берүүнүн приоритеттүү багыттары» аталышындагы Илим жумалыгы өз ишин баштады

Илим жумалыгын ардактуу профессор, лингвистика институтунун директору, лингвистика институтунун академиги, РФ Президентинин алдындагы табият таануу академиясынын академиги Зулпукаров К.З. ачты. ОшМУнун ИИИнин башкы илимий кызматкери, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Т.А. Козукулов, Л.Н.Гумилев атындагы ЕУУнун казак тили борборунун ОшМУдагы филиалынын директору филол.и.к., доцент А.Р. Найманбай Илим жумалыгынын салтанаттуу ачылышынын коноктору болушту. Белгород мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин орус тили, кесиптик-речтик жана маданият аралык коммуникация кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Л.Ф. Свойкина, Курган мамлекеттик университетинин чет элдик филология, лингвистика жана чет тилдерин окутуу кафедрасынын профессору, ф.и.д. Н.Н. Бочегова, Оштогу Орус үйүнүн өкүлү С.В. Бучнева, Л.Н.Гумилев атындагы ЕУУнун орус филологиясы кафедрасынын доценти, филол.и.к. А.К. Тусупова, Л.Н.Гумилев атындагы ЕУУнун филология факультетинин 3-курсунун докторанты В.В. Сиряченко, ОшМУнун орус филологиясы факультетинин 1-курсунун магистранты Рашид кызы А., КДПнын 1-курсунун студенткасы Д.Ю. Каримова (ОФФ- Л.Н. Гумилев атындагы ЕУУ) Илим жумалыгынын ачылышына катышты. Орус филологиясы факультетиндеги Илим жумалыгы 2023-жылдын 29-апрелине чейин уланат. Илим жумалыгынын жабылышында катышуучуларга баяндамалары үчүн сертификаттар берилет.
781 09:37 28-04-2023

                 

Жанылыктар

|< 3 4 5 6 7 >|