29.09.2023-жыл. Студенттерге укук, укук бузуу жана коопсуздук боюнча семинар уюштурулду.
10:13
29.09.2023-жыл.
ОшМУнун Тарых жана социалдык иштер факультетинин актылык залында ОшМУнун "Коопсуздук кызмат бөлүмүнүн" кызматкерлери жана Ош ШИИБнун Ак-буура МБ аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери менен Тарых жана социалдык иштер факультетинин, Эл аралык мамилелер факультетинин, Чыгыш таануу институнун студенттери менен жолугушуу болду.
Студенттердин арасында укук бузуулардын жана чыр-чатактардын алдын aлуу боюнча университеттин коопсуздук кызматы бөлумунун кызматкерлери окуу жайдын бардык факультеттеринде студенттер менен жолугушуу өткөрүүдө.
Жолугушууда кылмыштуулук, укук бузуулар жана укуктар, студенттердин жүрүм-турум кодекси боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп, суроолорго жооптор берилүүдө.
184 10:13 05-10-2023