Жанылыктар

“Кыргыз тили жана Ч. Айтматов ааламы”

24.10. 2023-жыл ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинин куттуу залында, КРдин Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругунун негизинде жарыяланган “Кыргыз тили жана Ч. Айтматов ааламы” аттуу мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында “Ар бир тил–өз элине улуу” аттуу иш-чара болуп өттү. Негизинен, түзүлгөн жобого ылайык, 3 ай ичинде көптөгөн иш пландарды аткаруу мерчемделген. Андыктан, бул саамалыкты аталган факультеттин 1-курсунун студенттери жогорку деңгээлде өткөрүп беришти. Бул майрамдык салтанатта Ч. Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү сахналык көрүнүштөр коюлуп, ыр-бий, күү, көркөм окуу, монологдор менен коштолду. Аталган эки факультеттин китепканачылары тарабынан көргөзмө уюштурулду. Иш-чарага аталган айлыктын факультеттерде өткөрүлүшүн көзөмөлгө алып, жетекчилик кылган ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Шарипова Мастура Сайпидиновна катышып, уюштуруучулар ф.и.к., доцент Маданова Кызбурак Жапаровнага жана окутуучу Алишерова Элмира Өлбөсалиевнага, тарых жана социалдык иштер факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Рыскулов Канат агайларга ыраазычылык билдирди. Бул иш-чара дагы да уланат. Мыкты номерлер аныкталды, сыйлоо аземи ОшМУнун чоң актылык залында болуп өтөт.
174 07:07 03-11-2023

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|