Жанылыктар

“Туура кесип-келечек кепилдиги”

2022-жылдын 31-май күнү Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын базасында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги, Салымбеков университети менен биргеликте 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө арналган “Туура кесип-келечек кепилдиги” аталышындагы форум уюштурулду. Анда Ош облусундагы бардык мектеп бүтүрүүчүлөрү катышышты. Ош облусундагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлар көргөзмө уюштурушкан. Энергетика кафедрасынын окутуучусу Ж. Жумакулов дагы кесипке багыттоо максатында ЭС(б)-1-20 тайпасынын студенттери Кошмамат у Р., Русланбек у Д., К. Эмилбековдор менен биргеликте “Шамал электр орнотмолору”, “Чарпалак тибиндеги микроГЭС” жана “Кыргызстандагы электрэнергетикалык система” атту модельдер менен көргөзмөгө катышышты. Факультеттин буклеттери жана визиткалары таркатылды. Бул форум 2022-ж. 01-июнь күн Баткен облусунда, 2022-ж. 02-июнь күн Жалал-Абад облусунда уюштурулат. Факультеттин буклеттери даярдалууда.
326 16:39 31-05-2022

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|