Жанылыктар

"22- декабрь - Энергетиктер куну " кесиптик майрамы

“22-декабрь - Энергетиктер күнү” кесиптик майрамына карата арналып жаткан майрамдык кечеде студенттерди окууга болгон кызыгуусун арттыруу, адистиги менен сыймыктанууга үндөө, төмөнкү курстагы студенттерди адистигине кызыктыруу. Ош шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттеринин ортосундагы достукту бекемдөө жана кесиптик майрамды окутуучулар, өндүрүштөн келген жана башка окуу жайлардан келген коноктор, студенттер менен биргеликте жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Майрамдык кечеге атайын ишканалардан келген коноктор дагы катышышты. Ош электр тармактары ишканасынын башкы директору - Ысманов Эмил Касымович, Ош шаардык электр тармактары ишканасынын жетекчис - Самидинов Алмазбек Кеңешбекович, "АЛТУНБАШ" ЖЧКсынын директору - Өжөрбаев Жамшитбек Айылчиевич, Фергана политехникалык институнун PhD доктору - Умронов Элдорбек, Энергетика кафедрасынын профессору, т.и.д. - Кенжаев Идирисбек Гуламович, Физика-техника фаукльтетинин деканы, т.и.к., доцент - Айдарбеков Зарипбек Шарипович, Энергетика кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент - Матисаков Түгөлбай Кубатбаевич, Энергетика кафедрасынын студенттери жана жамааты катышышты.
306 09:24 06-02-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|