Жанылыктар

АЛМАТЫДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШУУ

2024-жылдын 17-18-апрелинде табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы, профессор А.Г.Низамиев жетектеген ОшМУ жана ОшТУнун делегациясы (г.и.к., доценттер Белеков Ж.К., Обдунов Э.А., Момошева Г.А., э.и.к., доцент Усанова Ж.У., окутуучу Низамиева З.А.) аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин 90 жылдыгына арналган “Шаардын туруктуулугу: чакырыктар жана чечүү жолдору” аттуу эл аралык илимий конференцияга катышты. Окумуштуулар шаарды туруктуу өнүктүрүүнүн актуалдуу көйгөйлөрүн талдап, аларды чечүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу, кылдат жана коопсуз пайдалануу жолдорун сунушташты. Илимий баяндама менен Низамиев А.Г., Усанова Ж.У., Момошева Г.А. чыгышты. Иш-чаранын жүрүшүндө география, жерге жайгаштыруу жана кадастр кафедрасынын акыркы жылдары сапаттык жактан жаңыланган материалдык-техникалык базасы менен тааныштык.
89 06:13 22-04-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|