Жанылыктар

Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин учурдагы абалы жана келечектеги өнүгүү концепциясы

ОшМУнун Орто кесиптик билим берүү департаментинин директору, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Мамажакып уулу Чыңгыз жана ОшМУнун медициналык колледжини директору, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Арынов Замир Сапарбаевич Аккредитация боюнча иш пландардын аткарылышы, материалдык техникалык базаны чыңдоо иш чарасынын алкагында өткөрүлүп жаткан " Өзгөн эл аралык медициналык колледжининучурдагы абалы жана келечектеги өнүгүү концепциясы" аталышында тегерек столго катышышты. Тегерек столдо колледжибиздин директору Ө.Т.Станбаев аккредитацияга карата даярдыктар жана колледждин стратегиялык багыттары, мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат берди.

Иш чараны жүрүшү баарлашуу форматында уланып, департаменттин директору окутуучулардын сунуштары, талаптары, көйгөйлөрү менен таанышып, келечектеги аткарыла турган иш пландар белгиленди. Андан соң проректор колледждин материалдык-техникалык базасы менен жеринде таанышып, айтылган маселелерди чечүү жана аткарылышын көзөмөлдөөнү жеке жоопкерчилигине аларын маалымдады.

458 16:37 11-01-2024

                 

Жанылыктар

|< 3 4 5 6 7 >|