Нарын медициналык колледжинин окутуучусу А.А.Алмазбеков студенттерге он-лайн лекция окуду
09:35
2024-жылдын 19-февраль күнү ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин “Фармация” багытынын 2фарм-1-22, 2фарм-2-22 тайпаларынын студенттери Фармакология предмети боюнча конок лекцияга катышышты.
Лектор Нарын медициналык колледжинин окутуучусу А.А.Алмазбеков “Гипертонияга каршы дарылар“ темасында он-лайн лекция окуду.
Конок лекцияга дагы Нарын медициналык колледжинин, Талас медициналык колледжинин, Майли-Суу медициналык колледжинин, Кызыл-Кыя медициналык колледжинин жана Токмок медициналык колледж студенттери катышты!
370 09:35 19-02-2024