Жанылыктар

8-март аялдардын эл аралык күнү

7-март күнү Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин дирекциясы менен кесиптик бюро 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык кече уюштурушту. Майрамдык кечеде директор Ө.Т.Станбаев баш болгон агайлар жамааты колледждин эжекелерин майрам менен куттуктап, ыр-белек тартуулашты. 8-март майрамына карата эжекелерибиз ОшМУнун сыйлыктары менен сыйланышты. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана колледждин түптөлүшүнө кошкон салымы үчүн "ЖГСЭД" ПЦКнын окутчуусу С.Р.Султанова "ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери" наамы менен сыйланса, директордун окуу иштери боюнча орун басары Г.А.Сулайманова "Акчалай сыйлык" менен, ал эми колледждин лаборанты М.А.Кыдыршаева "Алкыш" менен сыйланышты.
247 07:54 07-03-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|