Жанылыктар

Нооруз майрамын утурлай

21-мартты чыгыш элдери "Нооруз" же "Жаңы күн" деп кылымдар бою белгилеп келет. Миңдеген жылдар өтсө да, бул майрамдын формасы менен маңызы болгону болгондой сакталып, чыныгы элдик майрам бойдон калууда. "Нооруз" майрамын утурлай,майрам жөнүндө түшүнүк берүү максатында, ОшМУнун илимий китепканасынын башкы имаратынын окуу залында сабактарына даярданып олтурган КЕФ, ФТФ, Филфак, МИТ, ДТФ, Юридика факультеттеринин студенттерине, илимий китепканын директору Мамбетова Сайраш Сатындиевнанын катышуусунда ата бабалардан мурас катары ушул күнгө жеткен "Нооруз" майрамынын тарыхына, ар түрдүү маанини түшүндүргөн жөрөлгөлөрүнө окуу залдын улук китепканачысы Исакова Гулжамал студенттерге суроо салып, жооп алып чакан иш чара өткөрүлдү.
1355 15:14 19-03-2019

                 

Жанылыктар

|< 2 3 4 5 6 >|