Жанылыктар

ОшМУнун илимий китепканасы БатМУда

Китепканачыларга "ИРБИС-64" автоматташтырылган системасы боюнча иштөөдөгү түшүнбөгөн суроолорго жакындан жардам көрсөтүү максатында, 2019-жылдын жалган куран айынын 29-30-күнү, эки күндүк БатМУнун борборлоштурулган китепканасында “Китепкана–мисир тутар ыйык жай, Кирүү керек аруу таза дил менен” аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарда ОшМУнун илимий китепканасынын директору С.С.Мамбетова “ИРБИС-64”системасынын 5 программасы, китепти сактоо бөлүмүнүн башчысы С.М.Жапаркулова “АЖО-Окурман”,“АЖО-Китеп берүүчү” жана”AVN + карыз” темада,комплектөө бөлүмүнүн башчысы Козубай кызы Гүлшайыр “АЖО-Комплектөөчү” жана инженер-программист Орозбаев Азамат "“ИРБИС-64” бүгүн жана эртең"" деген темада баяндама жасашты. Семинарга БатМунун окуу жана тарбия иштери боюнча проректору Шеров Шайыр, илимий жана уюштуруу иштери боюнча Эралы кызы Анара, окутуучу-профессордук курам, Сүлүктү, Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарындагы филиалдардын китепканачылары, БатМУнун студенттери, китепканачылары катышып, кызуу талкуу болду. Андан сырткары китепканачыларга китепканадагы номенклатуралык документтер боюнча кеңири көрсөтмө берилди.
1353 09:49 03-04-2019

                 

Жанылыктар

|< 2 3 4 5 6 >|