Жанылыктар

Илим жумалыгы

Табият таануу жана география факультетинде 2021- жылынын26-30-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин “Экологиялык коопсуздукту жана климаттык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар” жөнүндөгү Жарлыгына карата уюштурулган “Табигый илимдердин эффективдүүлүктөрүн жогорулатуудагы актуалдуу маселелер” аттуу илимий жумалык болуп өттү.

19.04.2021-жыл саат 13:00. БАЗда

Илим жумалыгынын ачылышы

Илимий жумалыктын ачылыш аземи оффлайн форматта башталып, куттуктоо сөздөрү менен ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору, м.и.д, профессор Б.З.Осумбеков, аспирантура бөлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.к., доцент Г.М.Анарбаева, Табият таануу жана география факультетинин деканы, г.и.д., профессор А.Г.Низамиев факультеттин профессордук-окутуучулук курамына, магистранттарга жана студенттерге кайрылуу жасашты. Куттуктоо сөздөрүндө факультетибиздин илимий потенциалы, илимий макалалардын абройлуу журналдарда жарык көрүшү жана дүйнөлүк аренада таанылышы, илимпоздорубуздун жетишкендиктерин белгилешти.

Илим жумалыгынын ачылышында эки илимий баяндама угулду:

1. М.Д. Абдуллаева, “Химия жана химиялык технология” кафедрасынын профессору, т.и.д. – “ Кыргызстандын түштүк регионундагы минералдык ресурстарды керамика өнөр жайынын сырьесу катары изилдөөлөр ”.Баяндамачы М.Д.Абдуллаева илимий баяндаманын башталышында илимий жумалыктын багыты Президенттин Жарлыгына дал келгендигин белгилеп, азыркы учурда экологиялык коопсуздук маселелери глобалдык масштабда олуттуу көйгөйлөрдү жаратып, климаттык туруктуулукту камсыздоо үчүн жаңы инновациялык технологияларды иштеп чыгуу жана колдонуу аспектилери жөнүндө айтып берди.

2. Момошева Г.А., “Экономикалык география, тармактык экономика жана туризм” кафедрасынын окутуучусу – “ Оценка особенностей экономико-географического положения малых городов южного региона Кыргызстана”.

20 - апрель. Саат 1300. 313-аудитория.

“Химия жана химиялык технологиялар” жана “Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулдары” кафедраларынын биргеликтеги секциялык илимий отуруму болду.

Кафедралардын жамаатын, магистранттарды жана студенттерди илимий жумалыктын жүрүшү менен “Химия жана химиялык технологиялар” кафедрасынын профессору, х.и.д. Д.Т.Алтыбаеваменен “Ботаника, ЖБД жана БОУ” кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Д.А.Эмилбековакуттуктап ийгиликтерди каалашты.

Жалпысынан бул күнү 8 илимий баяндама угулуп кызуу талкууланды.

Илимий докладдар:

1. Абдулазизов Тилебалды Адилович,“Химия жана химиялык технологиялар” кафедрасынын доценти, х.и.к. – “ Нанобөлүкчөлөрдүн перспективасы. Төрт компоненттүү (TixVyMoz)C кубдук татаал карбиддерди электроучкундук диспергирлөө методу менен синтездөө ”.

2. Алимжанова Мадина,“Химия жана химиялык технологиялар” кафедрасынын магистранты– “ Экологиялык таза төмөнкү темпера-туралык жылуулук ташыгычтардын жылуулук физикалык касиетте-рин изилдөө жана өндүрүштө колдонуу ”.

3. Асилбек кызы Канзада, “Химия жана химиялык технологиялар” кафедрасынын магистранты– “ Химиялык калыбына келтирүүдө жездин нанобөлүкчөлөрүнүн пайда болушунун шарттарын аныктоо ”.

4. Бекташева Умсунай Кудайназаровна,“Химия жана химиялык технологиялар” кафедрасынын аспиранты –“Синтез хлорида кобальта с треонином”.

5. Уметалиев Мырзаалы Торобаевич, “Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулдары”кафедрасынын ага окутуучусу – “ Фергана кырка тоолорунда таркалган Onobrychis тукумунун кээ бир түрлөрүнүн онтогенездик өзгөчөлүктөрү ”.

6. Дурсунбаева Аида Жакыповна, “Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулдары”кафедрасынын окутуучусу – “ Краткий очерк флоры и растительности бассейна р.Куршаб”.

7. Мамытова Рахат, “Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулдары”кафедрасынын магистранты – “ Өрүктөрдүн (Armeniaca) кеңири тараган сортторунун вегетативдик органдарынын салыштырмалуу изилдениши ”.

8. Арстанбек кызы Мадина, БК-1-17 тайпасынын студенти – “ Ош шаарындагы А.Навои атындагы паркында жайгашкан булак суусунун химиялык курамы ”.

215 12:31 01-06-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 >|