"Коопсуз билим берүү чөйрөсү" деген темада илимий-практикалык семинар
13:03
Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде 2022-жылдын 12-мартында "Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ" кафедрасынын окутуучулары тарабынан Ош шаарынын мектептеринин биология, химия мугалимдерине "Коопсуз билим берүү чөйрөсү" боюнча илимий-практикалык семинар уюштурулду. Семинарда төмөнкүдөй маселелер каралды:
1. Окуу имаратын жашылдандыруу.
2. Окуу имаратындагы микроклиматтын компоненттерин аныктоо.
3. Азык коопсуздугу боюнча мөмө-жемиштердин нитраттарын аныктоо. Учурдун талабына туура келген маселелер талкууланып мугалимдер үчүн өтө кызыктуу иш-чара өткөрүлдү
206 13:03 14-03-2022