Жанылыктар

Талаа практикасы онлайн форматта

Өлкөдө болуп жаткан пандемиялык абалга байланыштуу "Омурткасыз жаныбарлардын зоологиясы" сабагынан 1- курстар талаа практикасын онлайн форматта өтөштү. Талаа практикасы окуп үйрөнүүдөгү теориялык жана лабораториялык курстардан кийинки жыйытыктоочу курс болуп саналат да, студенттердин алган билимдерин бышыктайт жана тереңдетет. Талаа практикасы учурунда студенттер жергебиздин жаратылышынын кооздугу, анын климаттык тилкелеринин өзгөчөлүктөрү менен таанышуу менен бирге, омурткасыздардын фаунасынын биокөптүрдүүлүгү, мааниси, чөйрөнүн факторлоруна болгон ыңгайлануулары, экологиялык ийкемдүүлүк ж.б. жөнүндө да кеңири маалыматтарга ээ болушат. Практика Zoom, Meet, Classroom жана башка интернет тилкеоери аркылуу өтүлдү, жана отчет да онлайн форматында кабыл алынды.
149 19:11 01-06-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|