Жанылыктар

«Омурткалуулардын зоологиясы» предмети боюнча окуу-талаа практикасы Кара-Кой 2020-2021

Табият таануу жана география факультетинин зоология жана экология кафедрасынын башчысы, доцент А.Абдыкааровдун жетекчилиги алдында 2020-2021 – окуу жылынын 17-22 - май күндөрүндө 550100 Табигый-илимий билим берүү багытынын “биология” профилинин 2-курсунун БК(б)-1-19 тайпасынын студенттеринин Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркында «омурткалуулардын зоологиясы» жана “өсүмдүктөрдүн систематикасы” предметтери боюнча өткөргөн окуу-талаа практикасы боюнча

отчету

1. Табият таануу жана география факультетинин 550100 Табигый-илимий билим берүү багытынын “биология” профилинин окуу планына жана 2021-жылдын 20-апрелиндеги №1513-О/21 20.04.2021 жана №1309-ФХД/21 22.04.2021 буйруктарына ылайык аталган адистиктин 2-курсунун БК(б)-1-19 тайпасынын студенттерине 2020-2021 – окуу жылынын 24-291 - май күндөрүндө Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркында «омурткалуулардын зоологиясы» жана “өсүмдүктөрдүн систематикасы” предметтери боюнча окуу-талаа практикасы пландалган. Окуу процессин оптималдаштыруу (жетекчилердин 24-29 – май күндөрүнө дагы башка курстардын группаларына практикалардын пландалышына, МАК ка студенттердин даярдануусуна шарт түзүү) максатында бул окуу-талаа практикасынын мөөнөтү №1615-О/29 20.04.2021 буйругунун негизинде 17-22 – май күдөрүнө өзгөртүлгөн.

Тайпанын аталышы: БК(б)-1-19 тайпасы

Омурткалуулар зоологиясы предмети боюнча жетекчи: доцент Абдыкааров А.М.

Өсүмдүктөрдүн систематикасы предмети боюнча жетекчи: доцент Исраилова Г.С.

Студенттин аты-жөнү

Студенттин аты-жөнү

1

Женишбек кызы Нурпери

12.

Назиржан кызы Айнура

2.

Жолдошева Канымжан Зулпукааровна

13.

Насирдин кызы Жанылай

3.

Жусупова Айгерим Бактыбековна

14.

Нуртаза кызы Акылай

4.

Иссакжан кызы Жанылай

15.

Орчунбаева Айзат Эшеналиевна

5

Камбарова Салтанат Баходир кизи

16.

Саматахунова Тахмина Тахиржановна

6.

Карим кызы Нуриза

17.

Советбек кызы Зарина

7.

Маматова Мадина Шавкаттулаевна

18.

Сыдыкова Тахмина Нуралимовна

8.

Мамырова Нургул Рустамовна

19.

Тойчубек кызы Гулсанам

9.

Моминжанова Рухие Миролимжановна

20.

Ходжамбердиева Мохигул Номановна

10.

Мухаметкарим кызы Альбина

20.

Эркинбек кызы Адина

11.

Назарбек кызы Зейнегул

22.

Эркинбек кызы Тахмина

17.05.2020

Эрте менен саат 8.30 да студенттер топтолуп, аларга жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча коопсуздук техникасы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Саат 9.00 дө БК(б)-1-19 тайпасынын студенттери Кыргыз-Ата мамлекеттик коругуна жолго чыгышты. Омурткалуулардын зоологиясы предмети боюнча А.Абдыкааров, өсүмдүктөрдүн систематкасы боюнча Г.Исраилова жетектеди.

Саат 12.30 да Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркындагы “Чат-Көпүрөнүн” үстү тарабындагы Кызыр-Ата эс алуучу жайына отурукташтык. Абдыкааров А. парктын физикалык-географиялык мүнөздөмөсү менен тааныштырды. Студенттер коопсуздук техникасы менен таанышышты жана аларга изилдөө методдору үйрөтүлдү.

Бул күнү студенттерге окуу-талаа практикасын өткөрүүнүн максаты жана милдеттери, гербарийлерди жасоо усулдары, омурткалуу жаныбарларды аныктоо, түштүк Кыргызстандагы өзгөчө коргоого алынган жаратылыштык аймактар, алардын ичиндеги “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркынын түзүлүү максаты ж.б. боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

18-май

Бул күнү студенттердин экспедициялык маршруту “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркынын батыш тарабындагы жол аркылуу парктын айагындагы жанаыбарлар жана өсүмдүктөр менен таанышууга багытталды. Батыш тарабындагы Алтын-Бешик менен тааныштырылды. Жалпысынан бул маршруттун узундугу 10 км ди түздү. Бул маршрут боюнча изилденген аймактын өсүмдүктөрү жана жаныбарлары изилдөөгө алынды. Абдыкааров А. тарабынан жолуккан канаттуулар тааныштырылып, алардын өзгөчөлүгү анализденди. Негизинен, дарыя жээктеринде, арча токойлорунда, таштуу-шагылдуу ландшафттардагы канаттуулар менен тааныштык.

Парктын батыш тарабындагы буфердик аймактарынын толук тосулуп кетиши студенттердин көңүлүн чөктүрдү жана паркка өтүүгө мүмкүнчүлүк болбоду. Себеби, батыш тарабы толук тосулуп эс алуу аймактарына айланып кетиптир.

19-май

Бул күнкү маршрут парктын түндүк-чыгыш тарабына багытталды. Мазарды көздөй уюштурулган экспедиция жалпысынан 15 км түздү. Түрдүү ландшафттардан топтолгон өсүмдүктөр системаланды жана алардан гербарийлер жасалды, парктын аймагында учураган омурткалуу жаныбарлардан канаттуулар менен тааныштык. Өзгөчө жергиликтүү калктын айтымында Мазардын баш жагында 14 жылкы өлөгөндүктөн, өлүмтүктөр менен тамактанган кумайлардын өтө көп особдору (200 гө чамалаш) байкалгандыгы маршрутубуздун эффективдүүлүгүн арттырды.

Жол боюндагы жайлоордо синантроптук канаттуулардын басымдуулук кылгандыгы антропогендик факторлордун күчтүү экендигин көрсөттү.

20 -май

Бул күнкү маршрут Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын түштүк бөлүмүнүн токой чарба аянтчасына багытталды. Парктын корук зонасына, анын ичиндеги питомникке экспедиция уюштурулуп, ал аймактын бадал жана дарак өсүмдүктөрү жана жаныбарлар изилденди. Түштүк-Батыш тарабынан кирип, түндүк-батыш тарабынан чыктык. Түрдүү ландшафттардан топтолгон өсүмдүктөр системаланды жана алардан гербарийлер жасалды, парктын аймагында учураган омурткалуу жаныбарларды системалоо жана аныктоо ишке ашты. Бул күнү парктын токой чарба зонасындагы питомниктерде өстүрүлгөн түрдүү бадал жана дарак өсүмдүктөрүнүн түрлөрү жана сорттору анализденди.

20-май

Студенттер аталган парктын батыш тарабындагы буфердик бөлүгүн түзгөн арча токойлору жана таштуу-аскалуу ландшафттардагы биоартүрдүүлүк менен таанышуу мсаксатында “Бел-Алманын” түндүк тарабындагы жылгага экспедиция уюштурушту. 4-сүрөттө көрүнүп тургандай парктын бул буфердик аймагы күнгө бет болгондуктан фаунасы жана флорасы кескин айырамаланат. Мында негизинен эс алуучу жайлар орун алып, жайыт катары пайдаланылат.

21-май

Бул күнү токой чарба учаткасынын түштүк тарабындагы парктын коргоого алынган аймагы менен тааныштыруу ишке ашты. Бул аймак өзүнүн уникалдуулугу

менен айырмаланып баарыбызды суктантты. Жамгыр жаап, суук боло баштагандыктан жогорку бөлүгүндөгү мөңгүлөргө жете албадык.

Түштөн кийин Ошко кайттык.

22-май

Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркында байырлаган омурткалуу жаныбарлардын фаунасы боюнча студенттер менен баарлашуу ишке ашты. Студенттер ар бир звено боюнча талаа шартында өтүлгөн сабактар жана өздөрүнүн байкоолору боюнча маалыматтардын негизинде отчетторду жазуусу башталды.

Жалпысынан студенттер окуу-талаа практикасында өзгөчө коргоого алынган жаратылыштык аймактардын ичинен “Кыргыз-Ата” мамлекеттик мамлекеттик жаратылыш паркынын биоартүрдүүлүгү менен практикалык түрдө тааныша алышты.

187 16:50 02-06-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|