Жанылыктар

Стейкхолдерлер менен жолугушуу

2023-жылдын 12-майында 520200 Биология багытынын стейкхолдерлери, т.а. эксперттери, жумуш берүүчүлөрү жана Ош МУнун «зоология жана экология», «ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар кафедраларынын профессордук-окутуучулук курамынын катышуусунда 5250200 Биология багытынын жогорку билим берүү стандарты менен таанышуу жана негизги билим берүү прогораммасын талкуу уюштурулду.

Жолугушууга Ош облусу боюнча кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун лабораториялык изилдөө бөлүмүнүн башчысы Адаханов Бахадыр Акрамжанович, КРнын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин абшкы адиси, энтомолог Адылмырзаева Канайым Адылмырзаевна, ЕККУнун Оштогу программалык кеңсесинин директору Исабаев Каныбек Исламович, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын бөлүм башчысы Закиров Канатбек Каримович. Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрилигинин Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактары жана биокөптүрдүүлүк бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Мурзаев Хамиджан Арапович, аңчы адиси Каримов Төлөбай Ташболотович жана егери Көчөрбаев Базарали,Оштогу кара тумоого каршы бөлүмүнүн микробиологиялык лабораториясынын башчысы Ражапбаева Атыргүл Шукураллиевна, Эл аралык Кыргыз-Өзбек университетинин илимий изилдөө институтунун директору Самиева Жыргал Токтогуловна, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын биохимиялык лабораториясынын башчысы Жусупова Бермет Колдошовна жана Ош МУнун «зоология жана экология», «ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар кафедраларынын профессордук-окутуучулук курамы катыштты.

Зоология жана экология кафедрасынын башчысы, 520200 Биология багытынын программа жетекчиси, доцент Абдиманнап Момунович 2015-жылдагы жана 2021-жылдагы КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынын бекитилген мамлекеттик билим берүү программасы менен тааныштырды. Андан ары аталган багыттын 2023-2024 – окуу жылы үчүн түзүлгөн негизги билим берүү программасы менен тааныштырып, багыттын максаттарын, милдеттерин жана окутуунун натыйжаларын талкууго койду.

Талкууда Исабаев Каныбек Исламович, Самиева Жыргал Токтогуловна, Адылмырзаева Канайым Адылмырзаевна, Адахамов Бахадыр Акрамжанович, Ражапова Атыргүл Шукураллиевналар тарабынан актуалдуу сунуш-пикирлер айтылды.

Жыйынтыгында стейкхолдерледин ватсап группасы түзүлүп алдыга биргелешип иштөө боюнча стратегиялык пландар иштелип чыкты.

520200 Биология багытынын

Программа жетекчиси, зоология жана экология

Кафедрасынын башчысы, доцент Абдыкааров Абдиманнап Момунович

194 09:13 17-05-2023

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|