Жанылыктар

Ош шаарындагы абанын булгануусу жана жалпы экологиялык көйгөйлөр.

2023-жылдын 31-октябрында Ош мамлекеттик университетинин, табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде, Биология жана Биолаборатория адистиктери үчүн “Экология жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу” предмети боюнча “Зоология жана экология” кафедрасынын окутуучусу Ш.А. Ташбалтаева тарабынан иш берүүчү коноктор чакырылып, конок лекция уюштурулду. Бүгүнкү сабактын коноктору: Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин алдындагы Жаратылыш ресурстары жана экологиялык – техникалык көзөмөл министирлигинин Ош областы боюнча аймактык башкармалыгынын башкы инспекторлору Мамыраимов А.Ж. жана Имомали уулу Н. конокто болушуп, бүгүнкү күндөгү актуалдуу экологиялык көйгөйлөргө токтолушуп, экология предметтерин жогорку окуу жайларда тереңдетип окутуу маанилүү экендигине басым жасап өтүштү. Сабактын жүрүшүндө Ош шаарындагы жана жалпы эле глобалдык экологиялык көйгөйлөр каралып, студенттер менен пикир алмашуу кызуу жүрдү. Сабактын жыйынтыгында студенттер тарабынан көптөгөн суроолор берилип, бүгүнкү сабактан көптөгөн жаңы маалыматтарды ала алышкандыктарын айтышып, ошондой эле коноктор да мындан ары чогуу иш алып баруу жана практикаларды уюштуруп берүүгө көмөк көрсөтүү үчүн даяр экендигин билдиришти.

228 11:22 31-10-2023

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|