Сөз тизгини ректордо

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун Жаштар күнүнө арналган куттуктоосу

Урматтуу жаштар! Кымбаттуу достор!

Сиздерди жаштар күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Жаштар заманыбыздын негизги кыймылдаткыч күчү. Сиздердин мыкты аракетиңиздер – эртеңки өлкөбүздүн жаркын келечегин түзөрү бышык.

Бүгүнкү күндө Ош мамлекеттик университетинде студенттер үчүн заманга шайкеш, мыкты шарттар түзүлүп жатат. Атап айтсак: октябрь айынын орто ченинде индустриалдык-педагогикалык колледждин 4 кабаттуу имаратына капсула салынды. Буйруса бул колледжди эң мыкты колледж үлгүсүндө жайылтабыз. Андан соң Ак-Буура кампусунда 2 кабатуу 2 жаңы окуу имаратынын курулушун баштадык. Бул да болсо студенттер үчүн мыкты шартта билим алуусуна өбөлгө түзөт. Аны менен кошо Ак-Буура кампусунда 2 волейбол, 2 баскетбол жана футбол талаасы колдонууга берилди.

Жакында эле педагогика, психалогия жана дене тарбия факультетинде жайгашкан заманбап жаңы спорт комплексинин кызыл тасмасы кесилди. Бул спорт комплексинен азыркы жеңиш көчү уланып, келечектин чемпиондору чыгат деп терең ишенебиз.

Дүйнөлүк билим сапарынан артта калбай, академиялык мобилдүүлүк боюнча акыркы 3 жылда 1500дөн ашуун студенттерибиз “Мевлана”, “ДААД”, “ШОС”, “Ерасмус+” программалары аркылуу чет өлкөлөрдө билимин өркүндөтүп келүүдө. Ал эми “Ош декларациясынын” алкагында 200дөй студенттер Кыргызстандын 7 дубанынан келип, бизде окуп кетишти. Биз тажрыйба, билим алмашууну күчөтөбүз!

Студенттер университетибиздин негизги көрсөткүчү. Салтка айланган аймактык олимпиадада биздин студенттер жалпы эсеп боюнча 1-орунду камсыздап келүүдө.

Спорт айдыңында Эл аралык мамилелер факультетинин студенти Момунжанова Элзада спорттун ушу-саньда түрү боюнча эл аралык мелдеште 1-орун камсыздады. Юридика факультетинин студенти Өмүрбек Жунусов волейбол боюнча КРнын курамында зоналык Азия биринчилигин утуп келип, кыргыз волейболунун жаркын жылдызына айланды.

Ошондой эле Кубанычбек уулу Айбек, Алманбет Мамазаиров, Сейитбек уулу Мунарбек, Абдрасул уулу Марлен, Масактбек уулу Баястан кыргыз элинин жана ОшМУнун намысын эл аралык аренада коргоп келүүдө.

Студенттерибизди колдоо максатында олимпиаданын, эл аралык фестивалдардын, эл аралык спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө атайын белгиленген акчалай сыйлыктар каралган. Ошондой эле социалдык колдоого муктаж студенттерге 5 000 000 сомдон ашуун колдоолор көрсөтүлүп келет.

Буга чейин жыл сайын эң мыкты 5 студентке берилип келген 1,200$ өлчөмүндөгү стипендия быйылкы жылы 10 студентке көбөйдү. Бул мыкты окуган студенттерибизге чоң стимул болот деп ишенем.

Ошондой эле педагогикалык багыттагы бюджеттик негизде окуган студенттерибиздин стипендиясын көбөйтүү учурда каралып жатат.

Бүгүн да 22 студентибизге Окмуштуулар кеңешинин 5000 сом өлчөмүндө салтка айланган стипендиясы тапшырылат.

“Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынына карата” жатаканга кирүү электрондоштурулуп, видео көзөмөл орнотулду. Мындан ары №1-2-3-жатканаларда коопсуздук картасы ишке кирет. Ошондой эле кадрлар бөлүмү, иш кагаздарды электрондоштуруу алдында турабыз.

Ушул жылдын октябрь айынан баштап окутуучулардын айлык-маянасы 2500 сомдон 3000 сомго чейин көтөрүлдү. Бул стимул билим берүүнүн сапатына таасирин тийгизет деп ойлойм.

Жамааттын ишеними менен мындан ары да ОшМУнун имиджин көтөрүп, дүйнөдөгү мыкты топ 700 университеттин катарына киребиз деген чоң максаттын ишке ашуусуна бирге аракеттенели!

Куттуу окуу жайда чоң чөйрөгө аралашып, жаңыча көз карашты калыптандырып, өзүңөрдү ар тараптан өнүктүрүп, жашоонун барагын мыкты достор, дилбилги окутуучулар жана дилгир чөйрө менен толуктап, эң башкысы билим менен адамгерчиликти айкалыштырып, жаштыктын деми менен көкүрөккө батпаган идеяларды достуктун үлгүсүндө жайылтып, күн сайын изденүүнүн үстүндө жүрүп, күргүштөп аккан убакытка татыктуу жооп берип, ийгилик формуласын жаратасыңар деп терең ишенем.

Биз ар дайым жигердүү жаштарды колдойбуз жана сыймыктанабыз!

3948 11:47 03-12-2019

                 

Сөз тизгини ректордо

|< 1 2 3 4 >|