Сөз тизгини ректордо

Исаков К.А. ОшМУнун ректору, ф.и.д., профессор

Инновациялык (өндүрүштүк, ишкердик) университеттер жана билим берүү класс

Университеттик билим берүүдө мезгилдин талабына ылайык дайыма өзгөрүү, өнүгүүлөр болуп турат. Университеттер доордун чакырыктарына ылайык ыңгайлашып, жаңы моделдерди кабыл алып, өздөштүрүп улам алдыга умтулуп жашайт. Анткени өнүгүүнүн өзөгүн университеттер түзөт. Коомдун экономикалык, руханий өнүгүүсүнө окуу жайлар жол ачат, жаңы идеяларды таштайт жана жаңылыктарды өздөрү иштеп чыгып, элге көрсөтүп, үлгү болушат. Андыктан учурдун ургалдуу демин сезип, окуу жайдын облигин өзгөртүп, мазмунун өнүктүрүп турбасак университет деген статусту өз деңгээлинде кармай албай калабыз. Ошондуктан бүгүн дүйнөлүк университеттерде болуп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө Сиздер менен ой бөлүшүп, бараткан багытыбызга көз жүгүртүп, ориентир алып, ушул багытта өнүгүүбүз керек деп ойлойм. Бүгүн инновациялык университеттер жана университеттик класстерлер жөнүндө ойлорумду ортого салгым келет.

Азыркы заманбап коомдо классикалык университеттерден айырмаланып, инновациялык университеттер билим берүү, илим-изилдөө жана өндүрүштүк ишмердүүлүктөрүн бириктирүү аркылуу киреше табышат. Өзүнүн структурасында инновациялык инфраструктуралардын объектилерине ээ болушат. Ошентип, инновациялык университеттер биринчиден, инноваторлордун (жаратмандардын) муунун, экинчиден, экономиканын түрдүү чөйрөсү үчүн өндүрүшкө инновациялык идеяларды жана продуктуларды даярдоого жана чыгарууга багытталган адистердин жаңы моделин түзөт.

Эскерте кетсек, “өндүрүштүк (ишкердик) университет” терминин илимге 1998-жылы Б. Кларк киргизген. Ал анын төмөнкүдөй негизги мүнөздөмөлөрүн иштеп чыккан:

1) Университеттин башкаруу ядросун күчтөндүрүү;

2) ЖОЖдон сырткаркы топтор жана уюмдар менен байланыштарды кеңейтүү;

3) Каржылоо булактарын ар тараптуу көбөйтүү (диверсификация);

4)ЖОЖдун бөлүмдөрүнүн ишкердүүлүгүнө дем берүү (стимулдаштыруу);

5) Комплекстүү ишкердик маданиятын өнүктүрүү.

Мындан сырткары, инновациялык университеттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: Алдыңкы университеттердин дүйнөлүк тажрыйбаларын колдонуу менен ЖОЖду башкаруу; Инновациялык-өндүрүштүк инфраструктураны калыптандыруу; каржы булактарын жана башкаруу куралдарын кеңейтүү жана аларды өзүнүн өнүгүүсүнө колдонуу; негизги профессордук-окутуучулук курамдын эмгек маянасын алардын ишмердүүлүктөрүнүн жыйынтыктарына, анын ичинде бизнести өнүктүрүүгө кошкон салымына (университет менен биргелешкен ишканаларды, фирмаларды түзүү, же перспективдүү илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу, ж.б.) байланыштыруу. Ошону менен бирге университеттин адистерди даярдоо жана квалификацияны өркүндөтүү программаларынын дээрлик бардыгында ишкердик иш-аракеттин негизи (ишкердүүлүктүн негизи боюнча курстар) болушу зарыл.

Инновациялык университетте илим-изилдөө ишмердүүлүгү жаңы билимдерди алууга, билим берүү ишмердүүлүгү ал билимдерди жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн окуу жараянында колдонууга, ал эми инновациялык ишмердүүлүккө багытталган билимдерди сатуу (коммерциализациялоо) аркылуу б.а. илим-изилдөө жана билим берүү чөйрөсүндөгү жаңы билимдерди коммерциялык жактан натыйжалуу колдонууга багытталуусу керек.

Демек, инновациялык (новатордук) университет – бул ишкердүүлүк (өндүрүштүк) тибиндеги университет болуп саналат. Инновациялык чөйрөнүн базистик элементтерине инновациялык ишмердүүлүктү башкаруу жана колдоо системасы, венчурдук фонду, кепилдик фонду жана чакан ишканалардын көп профилдүү кластерлери кирет.

Венчурдук фонд – бул студенттердин жана кызматкерлердин инновациялык бизнестерин колдоо үчүн университет бөлө ала турган ресурстардын топтому. Аларга, университеттин бюджеттик эмес булактарынын эсебинен инновациялык бизнес-идеяларды инкубациялоо этабында бөлүнүүчү инженердик инфраструктура менен жабдылган аянттар, жабдуулар (каражаттар, аспаптар, станоктор, приборлор, компьютерлер, ж.б.у.с.) жана акча каражаттары кирет.

Кепилдик фонду - университеттин илимпоздору, ишкерлери жана бизнес-командалары сырткы банктардан жана инвестициялык фонддордон кредиттерди алып, керек учурда конкурстук негизде пайдалана ала турган мүмкүнчүлүктөргө ээ болуусу.

Университеттин инновациялык чөйрөсүнүн маанилүү элементи болуп инновациялык ишканалардын кластерлери саналат. Иш жүзүндө, Венчурдук фонддун жана Кепилдик фонддун негизги ишмердүүлүктөрү инфраструктуранын ушул элементин түзүүгө арналган.

Кластер өзүнө кирген инновациялык ишканалардын бирдиктүү предметтик аймагынын, же жашоо циклинын элементтеринин (маркетинг, өндүрүш, логистика, соода) негизинде жогорку байланыштарды түзүп, технологиялык элементтери боюнча өз ара бири-бирин толуктап турат. Мисалы, инновациялык ишканаларды калыптандыруучу аймактар катары, физика, электр, IT-технологияларын, машина куруу, химиялык технологияларын, нанотехнологияларын ж.б. атасак болот.

Ош мамлекеттик университети ар бир факультетте өндүрүш ишканаларын түзүүнү баштап жатабыз. Искусство факультетинде дизайнер-стилистер үчүн тигүү ишканаларын ачтык. Ал эми медициналык факультетте медициналык жана стоматологиялык клиникаларды ачтык. Ар бир факультетте адисттиктин багытана жараша окутуучулар жана студенттер теориялык билимин өндүрүштө жана практикада айкалыштыруучу ишкердик обьектилерди түзөбүз. Ал өндүрүштүк чакан же орто ишканалар окутуучулардын жана студенттердин кесиптик көндүмдөрүн арттыруу менен ой-жүгүртүүсүнөн, фантазиясынан, чыгармачылыгынан келип чыккан ойлорду реалдуулукка айландырып, элге, мамлекетке бериши керек. Ар бир адистик ушул багытта ойлонбосо, аракеттенбесе анда өнүгүү болбойт, жакшы адистерди чыгара албайбыз. Берген теориялык билимибиз турмушка ашпайт. Ар бир факультеттин профессионалдык жана интеллектуалдык потенциалын ушул жакка багытташыбыз керек. Антпесек адам потенциалынын өнүгүүсүнө да, өлкөнүн өркүндөшүнө да салым кошо албайбыз. Адамдар университеттерге жаңы идеалар үчүн, жаратмандык касиети үчүн байланып туруусу керек. Берип жаткан билимдерибиз турмуш үчүн, жашоо үчүн пайдалуу болуусу кажет.

Билим берүү кластерлери

Аймактарда илимий жана билим берүү кластерлерин түзүү – бул коомдун жана экономиканын инновациялык өнүгүүсүнө салым кошуучу негизги каржаттардын бири болуп саналат. Билим берүү мекемелеринин, ишканалардын, илим-изилдөө институттарынын иш аракеттерин бирдиктүү координациялоо жана кластерлерге топтоштуруу коомдун стабилдүү жана туруктуу өнүгүүсүнө алып келет. Билим берүү кластеринин максаты – бул кесиптик даярдоонун сапатын жогорулатуу, социалдык өнөктөштөрдүн жогорку квалификациялык адистерге болгон учурдагы жана перспективалык муктаждыктарын канааттандыруу болуп саналат.

Шарттуу түрдө, чыныгы билим берүү кластерлерин белгилеп көрсөтүүгө болот. Мисалы, “мектеп-лицей-коллеж” комплекси ж.б. аралаш кластерлер. Кластерлердин түзүлүүсүнө негиз боло алган төмөнкүдөй мүнөздөмөлөрдү жана комбинацияларды белгилөөгө болот:

регионалдык - шаардык деңгээлден баштап, мамлекеттер аралык кластерлерди түзүүгө чейин;

горизонталдык: бир деңгээлдеги бир канча окуу жайлардын бир кластерге биригүүсү;

вертикалдык: түрдүү деңгээлдеги окуу жайлары бир кластерге биригишет, мисалы, мектеп – орто кесиптик окуу жайы – ЖОЖ;

латералдык: кластерге түрдүү профилдеги жана түрдүү деңгээлдеги окуу жайлардын, ишканалардын, уюмдардын биригиши;

тармактык: бир профилдеги окуу жайлардын, ишканалардын жана уюмдардын жыйындысы;

фокустук – окуу жайлар бир ишкананын (ИИИ) айланасына биригүүсү;

сапаттык инновацияларды түзүү жана ишке ашыруу максатында окуу жайлардын, ишканалардын жана уюмдардын бирикмеси.

Кластерлердин конкреттүү моделдери катары колледждерди, университеттик комплекстерди, тейлөө борборлорун, ишканалардын технопарктарды ж.б. айтсак болот.

Дүйнөдүгү инновациялык университеттердин калыптануу мезгилдери боюнча изилдөөлөр көрсөткөндөй, практика жүзүндө традициялык инновациялык университетке айландыруу үчүн уюштуруу процессине 10-15 жылдай мөөнөт талап кылынат. Ошондуктан, өлкөбүздүн классикалык университеттерин инновациялык университет тибине айландыруу үчүн алардын стратегиялык пландарында тиешелүү иш чараларды белгилөө керек.

Учурдагы университеттик системаны өркүндөтүү үчүн төмөнкүдөй милдеттерди изилдеп, ишке ашыруу зарыл:

· университеттердин рейтингин аныктоочу параметрлерге көңүл бөлүү, билим берүүнүн сапатын аныктоочу критерийлерге жараша өнүгүү;

· университеттердин каржылоо булактарын өркүндөтүүгө багытталган иш чараларды пландуу жана системалуу иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу;

· коомго жана элге сунуш кылынган университеттин кызматтарына буйрутма берген өнөктөштөрдүн санын арттыруу. Алардын учурдагы кризистерин жоюуга багытталган аракеттердин планын иштеп чыгуу;

· университеттин окумуштуулук жана доценттик, профессордук кызмат ордуларына болгон талаптарды, конкурстук эрежелерди жана стимулдаштырууну өнүккөн өлкөлөрдүн ЖОЖдорундагы колдонулган тажрыйбаларды эске алуу менен өзгөртүү;

· илимпоздордун илимий жетишкендиктерин баалоонун заманбап каражаттарын колдонуну практикалоо (мисалы, Хиршанын индекси ж.б.);

· университетте Академиялык эркиндикти жана атаандаштыкты өнүктүрүүнү көздөө менен билим берүүдө “тандоо эркиндигин” ишке ашыруу;

· сабак берүү, илим изилдөө жана административдик маселелерди чечүү убактыларын бөлүштүрүүнүн оптималдуу варианттарын ишке ашыруу;

· заманбап илим изилдөө жана билим берүү үчүн илимпоздордун, окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгү өзгөчө мүнөздүү экенин эске алып ушул мобилдүүлүк боюнча иштерди күчөтүү керек.

ОшМУ билим берүүнүн заманбап кластерин ишке ашырууда

ОшМУда үзгүлтүксүз билим берүүнүн универсалдуу кластери түзүлгөн. Бала бакча – гимназия – колледж – бакалавриат – магистратура – ординатура – интернатура – аспирантура - доктарантура сыяктуу билим берүү баскычтары ар тараптуу адистерди даярдаган кластерге бириккен. Булар ар түрдүү багыттар боюнча бир максатка баш кошкон структуралар болуп саналат. Анткени бизде 1 бала бакча, 2 гимназия, 4 колледж, 3 институт, 3 академия, 18 факультет, магистратура жана докторантура бөлүмдөрү бири-бирин толуктап, бири-бири менен эриш-аркак үзүрлүү иштеп жатат. Кластердеги ар бир баскычтын өзүнүн миссиясына негизделген компетенциялары иштелип чыккан. Окуу программалары да ырааттуу, системалуу түзүлгөн.

Ал эми академиялык мобилдүүлүк боюнча студенттердин жана окутуучулардын ички мобилдүүлүгүн арттыруу үчүн 2016-жылы Кыргызстандагы регионалдык ЖОЖдордун “Ош декларациясын” түзгөнбүз. Ага мүчө болгон ОшМУ, ОГПИ, ЫМУ, ТалМУ, НМУ, ЖаМУ, БатМУ университеттери өз ара алмашуунун алкагында жыл сайын 300дөн ашуун студент өтүп жатышат.

Ал эми ОшМУда жыл сайын 1500гө жакын студенттер, 300гө жакын окутуучулар тынымсыз сырткы академиялык мобилдүүлүктө алыскы чет өлкөлөрдөгү алдыңкы университеттерден тажрыйба алмашып келишүүдө.

10030 08:54 06-04-2018

                 

Сөз тизгини ректордо

|< 1 2 3 4 >|