News

Теология факультетинин активист студенттери Стамбулда болушту

Туркиянын Жаштар жана спорт министрлиги менен Туркия Диянет Вакфы -Кыргызстан «Эл аралык Жаштар тажрыйба алмашуу» программасынын негизинде түзүлгөн «Жаштар көңүл географиябызды багындырууда» деген проект ишке ашкан. Мунун негизинде 30-сентябрдан 1-октябрга караган түнү ОшМУ Теология факультетинен жалпы 11 студент жана Ыйман гимназясынан 6 окуучу, 2 жетекчи окутуучу менен кошо Стамбул шаарына сапарга аттанган. Стамбулда жаштар жана спорт башкармалыгында кызмат кылган Гүнтекин Орташ күтүп алды. Бул группа Стамбулдун Үскүдар районунда жайгашкан «Стамбул мэриясынын жаштар жана спорт аймак башкармалыгы»нын мейманканасында жайгашышты. Программа негизинен 5 күндүк болуп, кызыктуу саякаттар менен коштолду. Программа эки тараптуу болгондугу үчүн бул группаны да 9 мүчөдөн турган топ күтүп алган, алар менен жакындан танышышкан. Стамбулдун тарыхын өз ичине камтыган, туристтик жерлери болгон Миниатүрк, Панорама, Аясофья, Йеребатан сарныжы, Топкапы сарайы ж.б. жерлерин Гидтин жардамы менен саякаттап, таанымал болгон Султан Ахмет мечитине, Чамлыжа дөбөсүнө жана жээк туруна да жетишишкен. Программада расмий жолугушуулар да болуп, Жаштар борборлору, аймак башкармалыгы, 29-майс университетин, Стамбул Муфтийин жана Мармара университетинин теология факультетин зыярат к ылышты. Андан сырткары окшош баалуулуктарыбыз болгон тарых, тил, дин, адабият, элдик маданият ж.б. жөнүндө пикир алышышты. Учурдагы окшош маселелерибиз, аларды чечүү жолдору, ал жердеги жаштардын орду да эки элдин жаштары арасында кызуу талкууга алынды. Мындан ары ушуга окшогон программалардын көбөйүүсү талапка ылайык деп эсептелди жана 7 күн уланды.

4245 17:04 12-10-2016

                 

News

|< 1 2 >|