Санарип мугалим –Дубай-2022
ОшМунун физика-техника факультетинин эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын окутуучусу, жаш илимпоз физика-математика илимдеринин кандидаты Айнагул Асланбековна Орозбаева Кыргыз Республикасындагы «Санарип мугалим академиясы » тарабынан уюштурулган «Санарип мугалим –Дубай-2022 » республикалык кароо сынака катышып, санарип академиясынын ардак грамотасы жана «Санарип мугалим» төш белгиси жана күбөлүгү менен жеңүүчү деп табылып сыйланышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. «Санарип мугалим-Дубай-2022» республикалык конкурс 15-марттан 25-майга чейин төмөнкү тапшырмаларды аткаруу шартты менен өткөрүлгөн:
1. Санарип технологияны колдонуп сабак өтүү ( https://www.facebook.com/groups/510698196324657/permalink/1061716961222775 /?sfnsn=mo & ссылка=поделиться )
2. «Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» (Финляндия мамлекетинин мисалында)
3. Экскурсиялык сабак ( https://m.facebook.com/groups/510698196324657/permalink/1091224498272021 /?sfnsn=mo & ссылка=поделиться )
Республика боюнча конкурска 500 жакын мугалимдер катышып, жеңүүчү болуп ОшМУнун желегин бийик көтөргөн Айнагул Асланбекованын мындан ары түйшүктүү педагогикалык ишине, илимий иштерине чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.
Физика-техника факультетинин деканы, доцент З.Ш.Айдарбеков , ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч.Осконбаев.