News

Евразия улуттук университетинен ЭТФ кафедрасына кош дипломдуулук боюнча сүйлөшүүлөр

Казак Pеспубликасынын Астана шаарындагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин жалпы физика жана теориялык физика кафедрасынын доцентти, Ph доктор Алтайбаева Азиза Биболовна, ОшМУнун физика-техника факультетинин ЭТФ кафедрасынын башчысы доцент М.Ч.Осконбаевдин чакыруусу менен окуу жайга келип , алгач ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору, доцент Абдувалиев Абдыганы Осмонович менен эки тараптуу меморандум тууралуу жолугушуу болуп , андан кийин ЭТФ кафедрасынын жалпы жамааты жана 3-4- курстун физик студенттери менен жолугушуп , кош дипломдуулук боюнча маалымат берип, студенттердин , пфофессордук-окутуучулук курамдын суроолоруна жооп берди. 2023-2024 –жылдан баштап, ОшМУда 510400 “Физика ” адистигинин “Конденсацияланган заттардын физикасы ” багыты боюнча бюджеттик негизде ( стипендияны Казак Республикасы айына 200$ төлөп, жатакана менен камсыздайт) кабыл алып 1-курсту ОшМУда, ал эми 2-курсту Евразия улуттук университетинде даядоо боюнча сүйлөшүүлөр болду. Биргелешкен окуу планын түзүү багытындагы иш чаралардын аткарылышы талкууланды. Ошондой эле бакалавр “физика” адистигиндеги студенттердин мобилдүүлүгүн ишке ашыруу жагы да макулдашылды.

163 14:36 21-10-2022

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|