News

"Энергетика багытындагы адистерди даярдоодо окутуунун максаттары жана күтүлүүчү натыйжалар" темасындагы тегерек стол

2017-жылдын 20-январь күнү ОшМУнун кеңешмелер залында Физика-техника факультетинин Энергетика кафедрасы тарабынан уюштурулган “Энергетика багытындагы адистерди даярдоодо окутуунун максаттары жана күтүлүүчү натыйжалар” деген темада кафедранын окутуучулары жана сырткы стейкхолдерлер менен тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдо 640200 – “Электроэнергетика жана электротехника” багыты (магистр жана бакалавр программалары) жана 140212 – “Электр менен камсыздоо” адистиги боюнча (техник) билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары жана негизги билим берүү программасындагы (НББП) компетенциялар менен окутуунун натыйжалары боюнча кызуу талкуулоо жүрдү. Тегерек столго “Ошэлектро”ААК, ОшПВЭС, ОшРЭС, ОшТЭЦ, ОшТУ жана ОМП “Теплоснабжение” ишканаларынын адистери катышышты. Сырткы стейкхолдерлер Энергетика багытындагы бүтүрүүчү адистерге өндүрүштүн талаптарын камсыздоочу негизги билим берүү программасындагы (НББП) компетенцияларга өзгөртүүлөрдү сунушташты.
2167 12:59 27-01-2017

                 

News

|< 1 >|