News

Мамлекеттик тил борбору

2-март күнү ОшМУнун медицина факультетинде Ыйман, адеп жана маданият жылына карата чоң программадагы иш-чара болуп өттү. Факультеттин деканы А.А.Исмаилов аземди ачып жатып, бул өткөрүлүп жаткан иш-чара көп тармактуу экендигине токтолуп, жаз майрамы менен куттуктап, ыймандуу, адептүү жана маданияттуу болуу үчүн китеп окуу керектигин айтып, көңүлдү көргөзмөгө бурду. Медицина багыты боюнча кыргыз тилинде жарык көргөн илимий эмгектердин көргөзмөсү уюштурулган. Ошондой эле эмгектердин авторлору чакырылып, бет ачар аземи болду. Анда м.и.д., профессор И.Тайчиевдин, м.и.д., профессор С.Шатмановдун жана б.и.к. Г.Касиеванын эмгектери жөнүндө сөз болду. Профессор Имамназар Тайчиевич кыргыз тилиндеги эмгектерди жаратуу негизги максаттарынын бири болгондугун жана иштеп чыгуудагы кайрылган негизги адабияттар жана сөздүктөр тууралуу баяндады. Ошондой эле жамаат менен дагы бир эмгек басып чыгарууга даяр экендигине токтолду. Авторлор медицинанын тилин кыргыз тилинин илимий стилинде өркүндөтүп колдонуу жөнүндө ойлорун ортого салышты. Факультеттин деканы Алымбек Адылбекович авторлорго илимдин изги жолунда ийгиликтерди каалап, ыраазычылык билдирди. Студенттер авторлорго ыраазычылык иретинде кызуу кол чаап коштоп турушту. Таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
1872 10:30 04-03-2017

                 

News

|< 1 2 3 >|