News

Википедияга киргизүүгө окутуу жүргүзүлдү

Баарабызга белгилүү болгондой, учурда жаңы маалымат технологиясы күн санап өнүгүп жаткан маалда коомчулукту, жаштарды кыргыз тилиндеги маалыматтар менен камсыз кылуу учурдун талабы экендиги талашсыз. Бүткүл дүйнөлүк көз карандысыз "Википедия" энциклопедиясынын түзүлгөнүнө 16 жыл толду. Алгачкы кыргыз тилиндеги маалымат 2011-жылы жайгаштырылган. Учурда Википедияны колдонуучулардын саны күн санап өсүүдө. Ушуга байланыштуу Кыргыз Википедиясын кыргыз илими боюнча маалыматтарды чогултуу, жыйноо максатында ОшМУда иштеген илимпоз агай-эжекелер жөнүндө маалымат, алардын илимий ачылыштарын, эмгектерин Википедияга жүктөө зарылчылыгы келди. Ошон үчүн универстеттин бардык факультеттеринен бирден кызматкер чакырып, 27-марттан 1-апрелге чейин башкы корпустун 314- компьютердик каанасында окутуу жүргүзүлдү. Аны мамлекеттик тил боюнча проректор О.А.Шаимкуловдун тапшырмасы менен МИТ факультетинин 2-курсунун студенти Кубатбек кызы Адаш жүргүздү. Окутуу мамлекеттик тил борбору тарабынан уюштурулду.
1916 12:09 01-04-2017

                 

News

|< 1 2 3 >|