News

ДОСТУК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ЧЫҢДОО ЖОЛУГУШУУСУ

2024-жылдын 4-март күнү Андижан мамлекеттик университетинен филология илимдеринин доктору, профессор Мирзаева Салимахон Раимжановна, PhD докторант Сатыбалдиев Муртаз Абдулазиз уулу жана Фергана мамлекеттик университетинен филология илимдери боюнча философия доктору Машрапова Гулсанам, Экономика жана педагогика университетинин улук окутуучусу Тиллабаева Феруза ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине достук кызматташтыкты чыңдоо максатында жолугушуу өткөрүштү. Мында филология илимдеринин доктору, проф.С.Р.Мирзаева "Кыргыз жана өзбек элинин фольклор жанрындагы окшоштуктар" деген темада аталган факультеттин студенттерине конок лекция өттү. Кызыктуу суроо-жооптордон кийин, кыргыз жана өзбек тилдеринде ырлардан көркөм окулду. Жолугушуунун соңунда кыргыз тили илими кафедрасынын башчысы, филол.и.к, доц. Кошуева Майниса конокторду казактаануу борбору менен тааныштырды. Ал жерде кыргыз, казак, өзбек, уйгур улуттук курамдан турган окумуштуулар илимий байланыштарды, улуттук алаканы күчтөндүрүү боюнча маектешти жана эстелик үчүн сүрөттөргө түшүштү. Андан кийин коноктор Бишкек шаарын көздөй жөнөп кетишти.
241 17:16 05-03-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|