News

Салтка айланган китеп окуу сынагы

Бүгүн, 7-март күнү, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде салтка айланган китеп окуу сынагы болуп өттү. Алгач аңгемелерден башталган бул сынак бул күнү Ө.Даникеевдин "Кыздын сыры" повести боюнча 3 тур менен өткөрүлдү: 1-Жазуу түрүндө, 2-Оозеки түрдө (сөздөрдүн маанилерин чечмелөө), 3-Kahoot тиркемеси аркылуу тесттик тапшырмалар аткарылды. Сынакка катышкан 11 команда баары активдүү даярданып келишкен. Жыйынтыгында 1-орунду КЛ-2-23 тайпасы, 2-орунду КЛ-3-23 тайпасы, 3-Орунду КЛ-1-23 тайпасы багындырды. Ар бир катышкан командалар баалуу белектер менен сыйланышты.
163 09:04 07-03-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|