News

Эл аралык мамилелер факультетинде «Медиа-сабаттуулук. Фейктер» аттуу кезектеги вебинар болуп отту

«Медиа-сабаттуулук. Фейктер» Кезектеги вебинардын темасы азыркы интернет, социалдык медиага арналды. Медиа-сабаттуулук боюнча иш-чаралар канчалык маанилуу? Фейк, тролль, бот дегендер кимдер? Фейктерди аныктай аласызбы? Маалыматты кантип туура колдонуу керек? деген жана башка суроолорду коомдук илимдердин, санарип антропологиянын адиси Г.Баялиева талкуулады. Гүлзат Баялиева учурда Германияда Тюбинген Университетинде мугалим жана «Антропология» тармагында докторлук ишин жазып жатат. Адам, технология, экология мамилелерин талдайт. Санариптик этнографияны, медиа-анализ, статистикалык эсептерди колдонуп Кыргызстандын соц.тармактарын, фейктерин изилдеп бир нече макалаларды жараткан. Вебинар абдан пайдалуу жана кызыктуу өттү. Студенттер жана окутуучулар өз суроолорун берип, көптөгөн жаңы маалыматтарды алышты.
339 02:27 22-03-2021

                 

News

|< 3 4 5 6 7 >|