News

ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ИЛИМИЙ ЖУМАЛЫК УЛАНУУДА

Эл аралык мамилелер факультетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы”аттуу жарлыгына ылайык уюштурулган “Дүйнөнүн социалдык-экономикалык, саясий жана эл аралык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери” аттуу илим жумалыгы уланууда. Факультеттеги илимий жумалыкты ачууга ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору медицина илимдерин доктору, профессор Осумбеков Байышбек Зияйдинович жана аспирантура бөлүмүнүн жетекчиси Анарбаева Гүлжамал Маматовна келип катышышты. Биринчи күнү эл аралык мамилелер факультетинин окутуучулар курамынын аспиранттарынын “Дүйнөнүн социалдык-экономикалык, саясий жана эл аралык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери” аттуу баяндамалары угулуп, талкууланды. Ошол эле күнү «Философия жана политология» кафедрасынын «Илимдин коомдун турмушуна тийгизген таасири» аттуу илимий тегерек столу болуп өттү. Илимий жумалыктын жүрүшүндө ар бир кафедра кызыктуу иш чараларды уюштурушту. «Философия жана политология» кафедрасы: Регионалдык «улут уңгусу - рух» илимий семинары. Мындан сырткары «Философия жана политология» кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы эл аралык мамилелер факультетинин окутуучуларына, магистранттарына, студенттерине илимий доклад жасоо боюнча мастер-класс өтүштү жана студенттер, магистранттар, аспиранттар арасындагы докладдар конкурсун уюштурушту. «Аймак таануу» кафедрасы: «Дүйнө мамлекеттеринин социалдык, экономикалык жана саясий өнүгүүсүнүн аймактык аспектилери» аттуу илимий студенттик конференция, студенттер жана магистранттардын баяндоосу менен. «Эл аралык мамилелер» кафедрасы: «Кыргыз Республикасынын эл аралык байланышын өнүктүрүү үчүн чакырыктар жана перспективалар» аттуу тегерек столу, студенттердин баяндоосу менен. « Кесиптик чет тилдер» кафедрасы: We are one world (сценалык көрүнүш), студенттердин катышуусунда. Иш чаралар онлайн жана оффлайн форматында өттү.
257 14:01 29-04-2021

                 

News

|< 3 4 5 6 7 >|