News

Ааламдын көркү-аялзат

8-Март аялдардын эл аралык майрамына карата “Ааламдын көркү-аялзат” аттуу салтанаттуу кече болуп өттү. Кечени инстуттубуздун директору ф.-м.и.к., доцент Азимов Бектур Абдырахманович ачып, студенттердин ыр бийлери менен коштолду.
Иш чаранын ачылышында институттун эжекелер жамаатына “Апакем” аттуу ырды жандуу үн менен ырдап, гул белек беришип, майрамдык маанай тартуулашты.
Кечебиз таланттуу студенттердин жандуу, мукамдуу ырлары, шандуу бийлери жана кызыктуу оюндары менен коштолду. Өскөнбаев Маралбек агайыбыз, комузда кол ойнотуп кеченин көркүн ачты. Майрам жогорку деңгээлде өттү.
249 08:06 08-03-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|