Кыргыз Республикасында биринчи жолу студенттер арасында ОшМУнун алдындагы
МФТИТ институтунда киберспорт боюнча турнир уюштурулду. Мелдеш PUBG MOBILE
дисциплинасы боюнча онлайн форматта өттү. Турнир КМИГД кафедрасы тарабынан
КРнын киберспорт федерациясынын Оштогу өкүлчүлүгү жана Respawn eSports
киберспорт каналы менен биргеликте уюштурулду.
Pubg Mobile турнирине МФТИТ институтунун студенттеринен куралган жалпы 18
команда катышып, 4 картада (оюн) болду. Ар бир картанын жыйынтыгы менен
жалпы жыйынтык эсептелип, жыйынтыгында Ensemble eSports командасы 1- орунду,
SkillHub командасы 2- орунду, ал эми 3- орунду Team Legends командасы жеңип
алды.
Оюун жогорку деңгээлде болуп, ага Кыргызстандагы Топ 10дука кирген
киберстортчулар дагы катышып, оюун көргөзүштү.